• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

ОшМУнун эки жаңы окуу корпусу пайдаланууга берилди – сүрөт

Аймак 0

Бишкек, 05.10.23. /Кабар/. Бүгүн, 5-октябрь Ош шаарынын жана мугалимдер күнүнө карата ОшМУнун медицина факультетинин окуу-лабораториялык корпусунун жана Табият таануу, туризм жана агрардык технологиялар факультетинин алдындагы окуу-өндүрүштүк ветеринардык клиникасы ачылды.

Мэриядан билдиришкендей, аземге мэр Бакытбек Жетигенов, ОшМУнун ректору К. Кожобеков, окуу жайдын мугалимдери жана студенттери катышты.

Калаа башчы куттуктоо сөзүндө, кылым карыткан Ош шаарынын күнү жана мугалимдердин кесиптик майрамы менен куттуктап, Ош мамлекеттик университетинин билим берүүнү өнүктүрүүгө кошкон зор салымын белгиледи.

Айтсак, “Ак-Буура” кампусундагы 5 кабаттуу окуу корпусунда лабораториялар, окуу кааналары, лекциялык залдар, заманбап китепкана орун алган. Имараттын аянты 2008 чарчы метрди түзөт.

Табият таануу, туризм жана агрардык технологиялар факультетинин алдындагы окуу-өндүрүштүк ветеринардык клиникасында да лабораториялар, окуу кааналары, лекциялык, окуу залдары бар. Имараттын аянты 3000 чарчы метр. Пайдаланууга берилип жаткан имараттар окуу жайдын өз каражатынын эсебинен курулган.

Учурда Ош мамлекеттик университетинде “Ак-Буура” эс алуу жана реабилитациялоо борбору жана эски шаардык оорукананын ордуна 7 кабаттуу медициналык клиниканын курулушу жүрүп жатат.

Пикир

Оставить комментарий