• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

УКМК: Ошто акча каражаттарынын белгилерин жасаганга шектелип бир адам кармалды

Аймак 0

Бишкек, 14.10.21. /Кабар/. Акча каражаттарынын белгилерин жасады деген шек менен “А.К.” кеңсесинде тинтүү жүргүзүлдү, - деп билдирет Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетиттин (УКМК) басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, УКМК КР жазык кодексинин 225-беренесинин 2-бөлүгүнүн биринчи пункту ("Акчаны же баалуу кагазды жасалма жасоо") боюнча кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестирине катталган содко чейинки өндүрштүн алкагында “А.К.” аттуу КР жараны кармалды.

Тактап айтканда, 2021-жылдын 13-октябрьнда “А.К.” кеңсесиңде тинтүү жүргүзүлүп, тинтүү учурунда “А.К.” өз ыктыяры менен номиналдык 100 доллар болгон 4 миң 600 АКШ доллар өлчөмүндөгү накталай акча каражаттарын берген.

Бул материалдар боюнча соттук-техникалык экспертиза дайындалды.

Кармалган жаран КР жазык – процесстик кодексинин 98-беренесине ылайык КР УКМК тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Азыркы учурда бардык жагдайларды аныктоо жана күнөөлүүлөрдү кылмыш жоопкерчилигине тартуу боюнча керектүү чаралар көрүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий