• 88.68
  • 95
  • 0.95

Сузактын Октябрь айылына спорт комплекси курула баштады

Аймак 0

Бишкек, 14.09.23. /Кабар/. Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы Октябрь айылында жаңы, заманбап спорт комплекси курула баштады. Бул тууралуу Сузак райондук мамлекеттик администрациясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, күн мурун, 13-сентябрда спорт комплексинин курулушуна капсула салынып, ага район башчысы Баратбек Сыдыкназаров катышты.

Белгиленгендей, спорттук имараттын курулуш иштерин жыл соңуна чейин аяктоо пландалып жатат.

Пикир

Оставить комментарий