• 88.33
  • 95.26
  • 0.96

Путин КМШ лидерлерин Санкт-Петербургга чакырды

Саясат 0

Ашхабад, 11.10.19. /Кабар/. Россиянын президенти Владимир Путин Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигинин (КМШ) мамлекет башчыларын Жаңы жыл алдында расмий эмес жолугушууга чакырды. Бул тууралуу Россиянын башчысы Ашхабад шаарында өтүп жаткан КМШ лидерлеринин саммитинде билдирди.

Ал билдиргендей, 20-декабрда ЕАЭБ лидерлеринин расмий эмес жолугушуусун өткөрүү пландалууда. Путин убакыттан пайдаланып, КМШ лидерлерин Жаңы жыл алдында сүйлөшүп, актуалдуу маселелерди талкуулап алууга чакырды.

Эске салсак, учурда Ашхабад шаарында (Түркмөнстан) Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигинин мамлекет башчыларынын Кеңешинин (КМШ МБК) кезектеги жыйыны өтүп жатат.

Пикир

Оставить комментарий