• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Сапар Исаков Шаньси провинциясынын вице-губернатору менен жолукту

Саясат 0

Бишкек, 4-июль /Кабар/. Президенттин аппарат жетекчиси Сапар Исаков Кытай Эл Республикасындагы Шаньси провинциясынын вице-губернатору менен жолукту. Бул тууралуу Президенттин Аппараттынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Жолугушууда Кытай менен Кыргызстандын ортосундагы кызматташтыктын динамикалуу өсүп жатканы айтылды.

Ошондой эле, Шаньси провинциясынын мүмкүнчүлүктөрү тууралуу маалымат берилди. Мындан тышкары кытай компанияларынын тажрыйбаларын ар тараптагы чөйрөдө колдонуу сунуштары айтылды.

Исаков техникалык кызматташууга, тагыраагы байланыш, өнөр жай, электроэнергетика, металлургия, билим, маданият, туризм жана айыл чарба тармагында кызматташууга кызыкдар экенин билдирди.

Ошондой эле, тараптар Кыргызстандын мамлекеттик мекемелери менен Шаньси провинциясынын кызматташуусун ишке ашыруу, инвестиция тартуу максатында конкреттүү планын иштеп чыгуунун зарылчылыгын белгилешти.

Пикир

Оставить комментарий