• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Путин менен Жапаров кыргыз-тажик чек арасындагы маселени талкуулашты

Саясат 0

Бишкек, 24.05.21. /Кабар/. Россиянын президенти Владимир Путин менен Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров Сочи шаарында кыргыз-тажик чек арасындагы маселени талкуулашты. Бул тууралуу РИА Новости жазып чыкты.

Путин Россия эки өлкөнүн чек арасындагы кырдаалга көз салып турганын жана Кыргызстан менен Тажикстандын ортосунда түзүлгөн маселени чечүүгө болгон аракетин көрөрүн белгиледи.

Россиянын президенти Москвада Тажикстандын президенти менен жолугушуу өткөрүп, кыргыз-тажик чек арасындагы маселени сүйлөшүү жолу менен чечүү керектигин талкуулашканын кошумчалады.

Эскерте кетсек, мамлекет башчылары эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелерин, Кыргызстан менен Россиянын байланышын мындан ары өнүктүрүү келечегин, евразиялык экономикалык интеграцияны тереңдетүү, ошондой эле регионалдык коопсуздукту, анын ичинде ЖККУ, КМШ жана ШКУ алкагындагы коопсуздукту талкуулай турганы айтылган.

Пикир

Оставить комментарий