• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Путин Жапаровду президенттик шайлоодогу жеңиши менен куттуктады

Саясат 0

Бишкек, 11.01.21. /Кабар/. Россиянын президенти Владимир Путин Садыр Жапаровду кезексиз президенттик шайлоодо жеңиши менен куттуктады. Бул тууралуу ТАСС агенттигин жазып чыкты.

Путин эки өлкөнүн ортосундагы байланышты мындан ары өркүндөтүүгө ишенерин билдирди.

"Президенттикке шайланганыңызга байланыштуу чын жүрөктөн чыккан куттуктоомду кабыл алыңыз", - деп айтылат Кремлдин сайтында жарыяланган Путиндин Жапаровго жолдонгон телеграммасында.

Россиянын президенти Кыргызстан менен Россиянын ортосундагы алака стратегиялык өнөктөштүк жана кызматташтык мүнөзгө ээ экендигин белгиледи.

Эскерте кетсек, Кыргызстанда 10-январда кезексиз президенттик шайлоо өтүп, анда Садыр Жапаров алдыга чыккан.

Пикир

Оставить комментарий