• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Руслан Казакбаев ЕККУнун Башкы катчысы менен телефон аркылуу сүйлөштү

Саясат 0

Бишкек, 18.02.22./Кабар/. Кыргызстандын тышкы иштер министри Руслан Казакбаев ЕККУнун Башкы катчысы Хельга Мария Шмид менен телефон аркылуу сүйлөштү.

КР ТИМдин маалымат кызматы билдиргендей, анын жүрүшүндө Кыргызстан менен Уюмдун кызматташтыгынын күн тартибиндеги актуалдуу маселелерин талкуулашты.

Атап айтканда, эл аралык чыңалуунун күчөшүнүн жана ЕККУнун айрым мүчө-мамлекеттери ЕККУнун Украинадагы Атайын Мониторинг Миссиясынан (УАММ) өз өкүлдөрүн чакыртып алуу чечимине келгендиги тууралуу кабардын фонунда Миссиянын мындан аркы иши боюнча пикир алмашуу болду.

ЕККУнун Башкы катчысы Х.Шмид Кыргызстандын УАММга көрсөткөн колдоосу үчүн ыраазычылык билдирди. Ушуну эске алуу менен ал ЕККУнун мүчө-мамлекеттерди ЕККУнун негизин түзгөн негиз болуучу принциптерди жана милдеттенмелерди урматтоо зарылдыгын белгилөө менен бирге ушул оор учурда чыңалууну басаңдатуу үчүн ЕККУнун ишеним жана коопсуздукту бекемдөө иш-чараларына мындан ары да активдүү катышууга чакырды.Өз кезегинде Р.Казакбаев кабыл алуучу өлкө үчүн ушундай маанилүү мезгилде УАММ үзгүлтүксүз иштеши зарыл экенин белгиледи.

Министр УАММнын максаттарына жана милдеттерине карата Кыргызстандын позициясы өзгөрүүсүз бойдон калаарын билдирди. Ошондой эле Кыргыз Республикасы УАММдын ишин улантууну туура жана зарыл деп эсептээрин жана бул жагынан Башкы катчынын аракеттерин колдой тургандыгы тууралуу маалымдалган. Мындан ары Кыргыз Республикасынын өкүлдөрү азыркы оор кырдаалды жөнгө салуу үчүн УАММдагы ишин уланта турганын белгиледи.

Ошону менен бирге ТИМдин башчысы УАММнын кызматкерлеринин коопсуздугун камсыздоо ЕККУнун негизги милдеттеринин жана жоопкерчилигинин бири болушу керектигин баса белгиледи.

Мындан тышкары, сүйлөшүүнүн жүрүшүндө кыргыз тарап Х.Шмидди 2022-жылдын май айында «Борбордук Азия-ЕККУ кызматташтыгына 30 жыл» жогорку деңгээлдеги жолугушууга катышуу үчүн Кыргыз Республикасына келип кетүүгө чакыруусун жаңыртты. Буга байланыштуу аталган иш-чараны ийгиликтүү өткөрүү үчүн Кыргызстандын ЕККУнун командасы менен тыгыз кызматташууга даяр экендиги айтылды.

Пикир

Оставить комментарий