• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Райондор аралык сотторду жоюуну караган мыйзам долбоорлорун иштеп чыгуу боюнча эксперттик жумушчу топтордун биринчи жыйыны өткөрүлдү

Коом 0

Бишкек, 28.06.18. /Кабар/. Бүгүн, 28-июнда, Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын Жетекчисинин биринчи орун басары Досалы Эсеналиевдин төрагалыгы алдында функцияларын райондук сотторго өткөрүп берүү менен райондор аралык сотторду жоюуну, ошондой эле кылмыш жасаган адамдардын келтирген зыяндын ордун толтуруу механизмдерин жазык жоопкерчилигине тартуунун эскирүү мөөнөтүнүн өтүшүн эске алуу менен караган мыйзам долбоорлорун иштеп чыгуу боюнча эки эксперттик жумушчу топтун биринчи алгачкы жыйыны өткөрүлдү. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.
Жыйында эксперттик жумушчу топтордун түзүлүшүнүн негизги максаттары, аткарчу иштери талкууланып, мүчөлөр арасында милдеттер бөлүштүрүлдү. Ошондой эле тиешелүү мыйзам долбоорлорун өлкөнүн парламентинин комитеттеринде талкууга алып чыгуу максатында эксперттер тарабынан алдыга коюлган милдеттерди аткаруу мөөнөттөрүн белгилөө сунушталды.
Бул эксперттик жумушчу топтор Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу сот реформасы боюнча Кеңештин 2018-жылдын 17-майындагы чечимдерин ишке ашыруунун алкагында Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппарат Жетекчисинин биринчи орун басарынын буйругу менен түзүлгөн.
Эксперттик жумушчу топтордун курамына Кыргыз Республикасынын аткаруу, сот бийлик бутактарынын, көзөмөлдөө жана укук коргоо органдарынын жана эксперттик коомчулуктун өкүлдөрү кирген.

Пикир

Оставить комментарий