• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Разаков соттук-эксперттик ишмердүүлүктү өркүндөтүү боюнча бир катар тапшырмаларды берди

Өкмөт 0

Бишкек, 20.02.19. /Кабар/. КРнын вице-премьер-министри Жеңиш Разаков Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик соттук-эксперттик кызматынын коллегиялык жыйынына катышты.

Коллегиялык жыйындын жүрүшүндө ведомствонун 2018-жылкы ишинин жыйынтыгы чыгарылып, жакынкы мезгилге карай артыкчылыктуу милдеттери талкууланды.

Вице-премьер-министр өзгөчө белгилегендей, соттук-эксперттик ишмердүүлүгү өлкөнүн укук коргоо жана сот тутумунун ажырагыс бөлүгү катары саналат жана өз алдынча мамлекеттик органды түзүү коомду демократиялаштыруу жана жарандардын мыйзамдык укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо менен шартталган.

Буга байланыштуу вице-премьер-министр экспертиза биринчи кезекте көзкарандысыз жана ведомствонун ар кыл кызыкчылыгынан эркин болуусу керектигин белгиледи.

Анын айтымында, Мамлекеттик соттук-эксперттик кызматынын иш алып баргандыгына аз убакыт өтсө да, анын ишинде экспертизалардын айрым түрлөрүн өткөрүү мөөнөтүнүн создуктурулушуна байланыштуу айрым көйгөйлөр бар. Коомчулук жана бизнес-чөйрөнүн өзгөчө сынына курулуш-техникалык экспертизасы кабылууда.

«Буга байланыштуу экспертизаларды өткөрүүнү тездетүү чараларын көрүү зарылдыгын көрсөткүм келет, себеби алардын мөөнөтүн создуктуруу кылмыш иштерин тергөөдө негизсиз башаламандыктарга жана күнөөлүү жактардын жоопкерчиликтен четтөөсүнө алып келет. Бул жагдайлар кызыкдар тараптардын негиздүү нааразычылыктарын жаратат», -деди Жеңиш Разаков.

Вице-премьер-министр Кызматтын жетекчилигинин көңүлүн өзгөчө көңүл бурууга муктаж артыкчылыктуу милдеттерге бурду. Биринчи кезекте, бул жүргүзүлгөн соттук экспертизалардын түрлөрүн кеңейтүү, алардын сапатын жогорулатуу жана өткөрүү ыкмасын унификациялоо, методологиялык базаны өркүндөтүү, ошондой эле материалдык-техникалык шарттарды жакшыртуу.

Жеңиш Разаков ошондой эле кошумчалагандай, Кызматтын ишмердигинин өзгөчөлүгүн эске алуу менен жогорку компетенттүү адистерге муктаждык бар.

«Мамлекеттик соттук-эксперттик кызмат жетекчилиги соттук-эксперттик ишмердүүлүктүн актуалдуу маселелери боюнча эксперттерди даярдоого, алардын квалификациясын туруктуу жогорулатууга айрыкча көңүл бурууга тийиш», - деп баса көрсөттү ал.

Коллегиялык жыйындын соңунда вице-премьер-министр Кызматтын ишмердигин өркүндөтүү, анын ичинде соттук-эксперттик ишмердикти өнүктүрүү Концепциясын иштеп чыгуу боюнча бир катар тапшырмаларды берди.

Пикир

Оставить комментарий