• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

"Реал" клубу "Осасунаны" жеңип, Испания биринчилигиндеги тизмеде сап башына чыкты

Спорт 0

Бишкек, 26.09.19. /Кабар/. Футбол боюнча Испания чемпионатынын 6-турунда мадриддик "Реал" клубу "Осасуна" командасы менен оюн өткөрдү.

"Сантьяго Бернабеу" стадионунда өткөн беттеш 2:0 эсебинде жыйынтыкталды. Алгачкы гол оюндун 36-мүнөтүндө мадриддин жаш оюнчусу Винисиус Жуниор тарабынан кирди. Ал эми, 72-мүнөтүндө кайрадан "Реалдын" чабуулчусу Родриго Силва де Гоис каршылашынын дарбазасын бош калтырган жок.

"Реал" 14 упайы менен Испания чемпионатынын тизмегинде сап башына чыкты. Андан кийинки орунга "Атлетико" жайгашса, "Барселона" 10 упай менен 5-орунда турат.

Пикир

Оставить комментарий