• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Россия кайрадан алдыда, Салах Египетке жардам бере албады

Спорт 0

Бишкек, 20.06.18. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Россиянын «Санкт-Петербург» стадионунда 2-турдун алгачкы оюнунда Россия менен Египеттин командалары беттешти. Оюн 3:1 эсебинде Россиянын командасы алдыга чыкты.

Оюндун 47-мүнөтүндө россиялык Зобниндин тепкен тобу Египеттин коргоочусу Фатхиге тийип автогол кирди. 59-мүнөтүндө Россиянын жарым коргоочусу Черышев тепкен тобу каршылашынын дарбазасына түз эле кирди. 62-мүнөтүндө узактан көтөрүлүп берген топту россиялык Дзюба тосуп, алдап туруп дарбазага узатты. Эсеп 3:0…

73-мүнөтүндө Египеттин оюнчусуна орой ойногондугу үчүн айып соккусу белгиленди. 11 метрден Салах өзү тээп гол киргизди.

Эскерте кетсек, кийинки оюн 20-июнда саат 18:00дө Португалия менен Марокконун курама командалары ротосунда оюн өтөт.

Пикир

Оставить комментарий