• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Россия Тажикстанга орус тилдүү беш мектеп куруп берет

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 25.02.20. /Кабар/. Россия Тажикстанга беш орус тилдүү мектеп курууга көмөктөшөт. Бул маалыматты 24-февралда Россиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров Душанбеде тажикстандык кесиптеши Сироджиддин Мухриддин менен биргелешип өткөргөн маалымат жыйынында билдирди.

“Россия Тажикстандын Душанбе, Куляб, Хожент, Бохтар жана Турсунзаде шаарларында беш мектеп куруу боюнча өкмөт аралык келишимди ратификациялады”, – деди Лавров.

Ар бир мектепте 1200гө чейин окуучу окуй алат жана алар жакынкы үч жыл аралыгында пайдаланууга берилет.

Россиянын жардамы менен беш мектеп куруу жөнүндөгү келишимге 2019-жылы апрелде кол коюлган.

Буга чейин Тажикстан билим берүү жана илим министринин орун басары Рахматулло Мирбобоев орус тилдүү мектептер жергиликтүү мугалимдер менен камсыздала турганын айткан.

2017-жылы августта Роосиядан Душанбеге 30, кийинки жылы 48 мугалим келген. Алар республиканын ар кыл шаарларындагы 20 мектепте орус тили жана адабияты, математика, физикадан сабак беришүүдө. Тажикстанда алар 74 миң рубль (1200 доллар) айлык алышат, анын 14 миңин Тажикстан, 60 миңин Орусия төлөйт.

Пикир

Оставить комментарий