• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Россияда көчөдө намаз окугандар кармалды. Алардын арасында кыргызстандыктар бар

Коом 0

Бишкек, 29.03.19. /Кабар/. Россияда көчөдө намаз окугандар кармалды Алардын арасында кыргызстандыктар бар. Бул тууралуу россиялык ММКлар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, полиция Люблинодогу "Москва" № 13 Соода-көргөзмө комплексинин ооз жагында намаз окуган 27 кишини кармаган.

"Текшерүүнүн жыйынтыгы менен Тажикстандын эки жаранына РФнын Административдик тартип бузуулар Кодексинин 18.8-беренесинин 3-бөлүгү (Чет элди же жарандыгы жок адамдын РФга кирүү же РФнын аймагында жүрүү (Жашоо) тартибин бузуу) боюнча административдик протоколдор түзүлгөн", - деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле, Россиянын эки жараны (Кыргызстандан болушат) жана Борбор Азиядан барган 23 адам Административдик тартип бузуулар Кодексинин 20.2-беренесинин 5-бөлүгү (Белгиленген тартипти же демонстрация, жүрүш же пикет кылуу, митинг чогулуштарынын тартибин бузуу) боюнча административдик жоопкерчиликке тартылган.

Алардын ичинен 18 адам Тажикстандын, экөө Өзбекстан, экөө Кыргызстан жана бирөө Түркиянын жараны болушат.

Сүрөт: mskgazeta.ru

Пикир

Оставить комментарий