• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Ошто эртең массалык ишембилик өтөт

Аймак 0

Бишкек, 29.03.19. /Кабар/. Эртең, 30-мартта Ошто массалык ишембилик өтөт, - деп билдирет мэриянын басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, ишембилик шаардын аймагын жакшыртуу, санитардык тазалыгын сактоо жана көрктөндүрүү максатында өткөрүлөт. Ага мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер, шаар тургундары, жаштар жана студенттер катышат.

"Шаардын тазалыгына, таза жашоого салым кошом деген бардык жарандарды массалык ишембиликке чакырабыз! Таза үй, таза короо, таза жол, таза шаар таза коомду курат", - деп айтылат билдирүүдө.

Пикир

Оставить комментарий