• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Ош шаарында жалгыз бой карыларга жана аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө азык-түлүк жеткирилди

Аймак 0

Бишкек, 31.03.20. /Кабар/. Бүгүн, 31-март күнү Ош шаарында Кызыл Ай коому социалдык кызматкерлер менен биргеликте каттоодо турган жалгыз бой карыларга жана муктаж үй-бүлөлөргө азык-түлүктөрдү таратышты. Бул тууралуу Ош шаарынын мэриясынан билдиришти.

"Кайрымдуулук иш-чарасынын алкагында 107 аз камсыз болгон үй-бүлөгө жана жалгыз бой карыларга тамак-аш азыктары жеткирилип берилди. Жардамга муктаж жарандарга азык-түлүк бөлүштүрүү иштери уланат", - деп айтылат маалыматта.

Мэриядан белгилешкендей, жалпы көрсөтүлгөн жардамдын суммасы 175 миң 634 сомду түздү.

Алдыда СПИД борборундагы жарандарга да жардам көрсөтүлөт.

Пикир

Оставить комментарий