• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Россиянын Кыргызстандагы маданият күндөрүн өткөрүү маселеси талкууланды

Маданият 0

Бишкек, 02.07.21. /Кабар/. Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Кайрат Иманалиев Москва шаарына болгон иш сапарынын алкагында Россиянын маданият министринин орун басары Ольга Ярилова менен жолугушту.

Ведомствонун басма сөз кызматы билдиргендей, анда Россиянын Кыргызстандагы маданият күндөрүн өткөрүү маселеси каралды. Тараптар макулдашкандай, маданият күндөрү Бишкек, Ош жана Чолпон-Ата шаарларында ушул жылдын август айына пландалып, саамалык сүрөт көргөзмөлөрү, концерттик программалар сындуу маданий иш-чаралардан турат.

Жолугушууда мындан сырткары пандемияга байланыштуу эриш-аркак жылынын алкагында ишке ашпай калган иш чаралар талкууланып, тактап айтканда, К. Иманалиевдин атактуу опера ырчысы Болот Миңжылкыевдин 80 жылдык эскерүү кечесин өз өмүрүнүн акыркы жылдарын арнаган Санкт-Петербург шаарындагы айтылуу Мария театрында белгилөө демилгесин эки тарап бирдей колдоого алып, кече үстүбүздөгү жылдын октябрь айында белгиленмей болду.

Ошондой эле театр жана үн режиссерлорун, дирижерлорду, балетмейстерлерди окутуу маселеси, опера жана балет искусствосунун артисттерин бир жылдык тажрыйба алмашуу максатында Россиянын көрүнүктүү театр жана окуу жайларына жолдоо сунушу максаттуу макулдашылды.

Мындан тышкары, министр Кыргызстандын Россиядагы элчиси Гүлнара-Клара Самат менен жолугушуп, Россиядагы мекендештерибизди маданий-руханий азык менен камсыздоо максатында маданий борборлорду уюштуруу, алардын тейлөө кызматтарын жакшыртуу, натыйжалуулугун арттыруу сыяктуу маселелерди талкууга алышты. Буга утурлай, Москвадагы Пушкин атындагы Мамлекеттик көркөм-сүрөт музейинин алдыңкы адистеринин мастер класстарын Кыргызстандын музейлеринде уюштуруу демилгеси чечилди. Аны менен катар , Г.Айтиев атындагы Кыргыз мамлекеттик көркөм- сүрөт музейинин көчмө көргөзмөсүн Москва шаарында өткөрүү планга киргизилди.

Пикир

Оставить комментарий