• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

“Российская газета” Борбор Азиядагы аймактык өкүлчүлүгүнө 15 жыл толду

Коом 0


Бишкек, 30-май /Салтанат Абдраева – Кабар/. “Российская газета” Борбор Азиядагы аймактык өкүлчүлүгүнө 25 жыл толду. Бул тууралуу “Кабар” маалымат агенттигиндеги жыйында “Российская газета” филиалынын башкы директорунун орун басары Андрей Першин билдирди.

Анын айтымында, “Российская газета” – Россия өкмөтүнүн расмий басылмасы. Анда саясат, экономика, маданият жана ишкерлик тууралуу маалыматтар жарыяланат. Россия бийлигинин таасирлүү адамдары менен интервьюлар уюштурулат. Гезиттин дүйнөнүн ар кыл жактарында кабарчылары бар. Ошондой эле, Россиянын жана чет жактарда 33 ири шаарда филиалдары бар.

“Гезиттин толук кандуу өкүлчүлүгү борбору Бишкекте жайгашкан Борбор Азиядагы аймактык өкүлчүлүгү болуп саналат. Ал 2002-жылы ачылган. Анын негизги милдети – россиялык окурмандарды Кыргызстандагы кеңири, маанилүү жана кызыктуу окуялар менен тааныштырып туруу. Ал эми Кыргызстандагы “Российская газетанын” окурманы Россиянын олуттуу окуялары, россия-кыргыз кызматташуусу, биргелешкен ири долбоорлор тууралуу окуй алышат”, - деди А.Першин.

Анын айтымында, «Российская газета» жумасына 6 жолу чыгат. 15 жылда 3 миңге жакын күн сайын, жумасына чыгуучу жана атайын сандар 3,5 млн ашык нуска менен жарыкка чыкты. Бул мезгилде бир да жолу гезиттин саны чыкпай калган эмес.

“Гезиттин журналисттери –мекени тууралуу оң маанайда жазган, Россия жана Кыргызстан тууралуу жакшы иштерди, жетишкендиктерди айтып берген Кыргызстандын жарандары”, - деди А.Першин.

Ошондой эле, башкы директордун орун басары Кыргызстандагы “РГ” республиканын шаарларында ар кандай медиа иш чараларды, көргөзмөлөрдү, тегерек үстөлдөрдү, спорттук мелдештерди жана башкаларды өткөрүп турарын белгиледи.

Пикир

Оставить комментарий