• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Өрттөн улам ишин токтоткон тейлөө борборлору кайрадан иштей баштады

Коом 0

Бишкек, 03.02.21. /Кабар/. «АЮ Гранд Комфорт» соода борборундагы өрттөн улам ишин токтоткон эки калкты тейлөө борборунун иши кайрадан жандандырылды. Бул тууралуу Мамлекеттик каттоо кызматынын басма сөз кызматы билдирди.

Эскерте кетсек, 2-февралда “АЮ Грандкомфорд” соода борборунан чыккан өрттөн улам электр жарыгы өчүп, эки калкты тейлөө борбору ишин токтоткон. Мүлк, архив жана документтер толугу менен сакталып калды.

Пикир

Оставить комментарий