• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Сүлүктү милициясы кылмыштардын алдын алуу боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө

Коом 0

Бишкек, 24.12.21. /Кабар/. Жаңы жыл майрамына карата Сүлүктү милициясы эл арасында кылмыштуулуктун алдын алуу жана болтурбоо, коомдук тартипти сактоо максатында 24-декабрдан 26-декабрга чейинки аралыкта калк арасында комплекстүү түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө. Бул тууралуу Баткен облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, мал уурулуктардын алдын алуу, көчө кылмыштарын болтурбоо жана үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктарга жол бербөө максатында кызматкерлер топторго бөлүнүп алып күндүзгү жана түнкү смендерге бөлүнүп ар бир көчөлөрдө иш алып барууда.

Белгилей кетсек, быйылкы жылы Сүлүктү шаарында бети ачылбай калган мал уурулук фактылары жок. Шаарда негизинен көчө кылмыштары, үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктар катталып, быйылкы жылы 15 жаранга коргоо ордери берилген.

Пикир

Оставить комментарий