• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Үсөнбаев Кыргыз-түрк ооруканасы качан жана кандай шартта ачыларын айтты

Коом 0

Бишкек, 30.05.20. /Адил Төлөгөнов – Кабар/. Эгерде коронавирус жуктургандардын саны жогорулап, стационарларда бейтаптар толуп калган учурда Кыргыз-түрк "Достук" ооруканасын ачабыз. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында саламаттык сактоо министринин орун басары, өлкөнүн башкы санитардык дарыгери Нурболот Үсөнбаев билдирди.

Анын айтымында, оорукананы ачуу оорулардын санына жараша болот.

"Биз башка стационарларыбыз толуп, ооруларды кабыл алганга мүмкүнчүлүк болбой калганда ал оорукананы ачууга даярбыз. Ал жерде иштей турган медкызматкерлер бекитилген. Медкызматкерлер "Достук" ооруканасына кайсы обсервациядан барып иштей турганы да такталган. Оорукананын бүгүн же эртең ачылып иштегенге шарты бар", - дейт ал.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда коронавирус илдетин жуктурган 1722 учур катталды. Алардын ичинен 344ү медицина кызматкери. Илдеттен 1113 жаран айыкса, коронавирус жуктурган 16 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий