• 88.57
  • 95.33
  • 0.97

COVID-19. Республикалык жугуштуу оорулар ооруканасы бейтаптарды убактылуу кабыл албай турат – Үсөнбаев

COVID - 19 0

Бишкек, 30.05.20. /Кабар/. Республикалык жугуштуу оорулар ооруканасы коронавирус жуктурган бейтаптарды убактылуу кабыл албай турат. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

Маалымат жыйында ага "Республикалык жугуштуу оорулар ооруканасынын башкы дарыгеринин айтымында, ал жакта 19 медицина кызматкери коронавирус жуктуруп алыптыр. Аны убактылуу жабуу тууралуу сөз болгон. Ал качан жабылышы мүмкүн жана бейтаптар кайсы жерде дарыланат" деген суроо узатылды.

"Ооба, Республикалык жугуштуу оорулар ооруканасында ушундай опурталдуу кырдаал болуп жатат. Ал жерде медицина кызматкерлери ооруканадан чыкпастан күнү-түнү иштешип, алардын арасында оору жуктурган учурлар болду. Мындан улам Республикалык жугуштуу оорулар ооруканасында учурда дарыланып жаткан бейтаптардын баарын айыктырып чыгарып, ал жакта дезинфекциялоо иштерин жүргүзүү, биздин медицина кызматкерлерине обсервацияда болуусуна убакыт берүү чечими кабыл алынган. Бул иштерден кийин Республикалык жугуштуу оорулар ооруканасынын ишин кайра жандандыруу каралган. Бул боюнча Саламаттык сактоо министрлигинин буйругу даярдалган. Башка бейтапканаларда орундар даярдалды. Бүгүнкү күнү №6 оорукана кабыл алып жатат. Темир жол ооруканасында орундарды даярдоо пландалууда. Кыргыз-түрк "Достук" бейтапканасы да даяр болгон. Орундар жетиштүү", - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий