• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бүгүн дагы 101 адам COVID-19 жуктуруп алды. Жалпы 43 миң 459 учурга жетти

COVID - 19 0

Бишкек, 27.08.20. /Кабар/. Кыргызстанда 27-август саат 11:00гө карата коронавирус жуккан жаңы 101 учур (пневмонияны эске алганда) катталды. Бул тууралуу онлайн брифингде саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

Анын маалыматына караганда, жалпы коронавирус жуктуруп алгандардын саны өлкө боюнча 43 миң 459 адамга жетти.

Сутка ичинде катталган жаңы учурлар:

  • Бишкек - 32
  • Ош – 1
  • Чүй облусу – 7
  • Ош облусу - 10
  • Талас облусу - 4
  • Нарын облусу – 5
  • Ысык-Көл облусу – 18
  • Жалал-Абад облусу – 16
  • Баткен облусу - 8

Пикир

Оставить комментарий