Штаб: Санитардык-карантиндик посттор шаар жана облустарга кире бериште текшерүүнү күчөтөт

COVID - 19 0

Бишкек, 30.05.20. /Кабар/. Санитардык-карантиндик посттор шаар жана облустарга кире бериште текшерүүнү күчөтөт. Тийиштүү тапшырма Республикалык ыкчам штабдын жыйынында берилгендигин өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирет.

«Санитардык-карантиндик посттор ишин күчтөндүрүүсү зарыл. Өзгөчө көңүлдү Бишкек жана Ош шаарларына буруу керек. Посттордо тепловизор аркылуу температураны өлчөө жетиштүү деңгээлде жүргүзүлбөй жаткандыгы тууралуу сын айтылууда», - деди Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри Кубатбек Боронов.

Бишкек мэри Азиз Суракматов белгилегендей, коомдук жайлардагы оору жугузуп алуу учурларынын саны жогорулагандыгына байланыштуу өлкө аймактарынын тургундарынын борборго каттоосу кооптуу болуп саналат. Буга байланыштуу шаарга каттоону кыскартуу, ага өтө зарыл учурда гана баруу сунушталат.

Тармактык мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү бийлик органдарына 5-баскыч алкагында экономикалык ишмердүүлүктүн бир катар багыттарын жандандырууга даярдык көрүү тапшырылды.

«Санитардык-эпидемиологиялык талаптарды эске алуу менен Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан бекитилген алгоритмдердин бардыгы сакталышы керек. Бала-бакчалардын иштеп башташы чоң кооптондурууларды жаратууда, бирок, биз иштеген жарандарга шарт түзүү үчүн мындай чараларга барууга аргасызбыз. Аталган мекемелерде коопсуздук толугу менен камсыздалышын өтүнөм. Аэропорттор ички авиакаттамдарды жандандырууга даяр болушу кажет», - деди биринчи вице-премьер-министр.

Кыргыз Республикасынын аймагында өзгөчө абал режими иштеп жатат, Бишкек жана Ош шаарларында, Нарын облусунун Ат-Башы районунда, Жалал-Абад облусунун Чаткал районунун Каныш-Кыя айыл округунда карантин режими орун алган.

Пикир

Оставить комментарий