• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Кыргызстан боюнча обсервацияда жаткан жарандардын статистикасы

COVID - 19 0

Бишкек, 21.05.20. /Адил Төлөгөнов – Кабар/. Кыргызстан боюнча обсервацияда 1 миң 902 адам жатат. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында саламаттык сактоо министринин орун басары, өлкөнүн башкы санитардык дарыгери Нурболот Үсөнбаев билдирди.

Анын айтымында, 19-марттан 20-майга чейин обсервацияларга 11 миң 697 жаран жаткырылган.

"Учурда Бишкек шаарында – 502 киши, Ош шаарында – 508, Ош облусунда – 104, Жалал-Абад облусунда – 73, Нарын облусунда – 157, Чүй облусунда – 270, Ысык-Көл облусунда – 146, Баткен облусунда – 51 жана Талас облусунда 91 адам обсервацияда жатат", - деди ал.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда 21-майга карата коронавирус жуктурган 43 жаңы учур катталды. Азыркы тапта өлкөдө коронавирус жуктурган учурлардын саны 1313тү түзөт. Алардын ичинен 929 адам коронавирустан айыгып, ооруканадан чыгарылган. Коронавирус жуктурган 14 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий