• 88.68
  • 95
  • 0.95

Кыргызстанда акыркы суткада коронавирустун жаңы 7 учуру катталды

COVID - 19 0

Бишкек, 25.04.22. /Кабар/. Кыргызстанда 25-апрелге карата коронавирустун жаңы 7 учуру катталды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматта айтылгандай, акыркы суткада илдеттен айыккандар жана каза болгондор катталган жок.

Республика боюнча стационардык дарыланууда үч бейтап, ал эми амбулатордук дарыланууда 18 адам бар. Стационарда дарыланып жаткан үч бейтаптын абалы оор экендиги айтылат.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 200 миң 990 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 196 миң 386 киши айыгып чыкса, 2 миң 991 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий