• 88.68
  • 95
  • 0.95

ПЦР-тесттин жыйынтыгын эми онлайн да алууга болот

COVID - 19 0

Бишкек, 19.05.22. /Кабар/. ПЦР-тесттин жыйынтыгын эми онлайн да алууга болот. Бул тууралуу коронавируска каршы Республикалык штаб билдирет.

Маалыматка ылайык, система тесттик режимде ишке киргизилди.

“Эми ПЧР-тестирлөөнүн жыйынтыгын бериле турган күнү саат 18:00дөн тарта электрондук түрдө Ilab.med.kg сайтынан алууга болот», - деп айтылат билдирүүдө.

Белгиленгендей, жыйынтык PDF-форматта болуп, эки QR-кодду камтыйт: биринчиси ILAB платформасында жыйынтыктын аныктыгын текшерет, экинчиси "Мен COVID-19суз саякаттайм" тиркемесинде катталуу үчүн зарыл.

Эскерте кетсек, "Мен COVID-19суз саякаттайм" тиркемеси - бул ЕАЭБ өлкөлөрүнүн: Россия, Армения, Беларусь, Казакстан жана Кыргызстандын чек араларынан өтүүнүн милдеттүү шарты.

Пикир

Оставить комментарий