• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

«COVID-19 жок саякаттайм» тиркемеси кандай иштейт жана ал эмне үчүн керек?

COVID - 19 0

Бишкек, 19.05.22. /Кабар/. Саламаттык сактоо министрлигинен «COVID-19 жок саякаттайм» тиркемеси кандай иштей тургандыгы жана ал эмне үчүн керек экендиги тууралуу айтып беришти.

Маалыматка ылайык, «COVID-19 жок саякаттайм» тиркемеси саякаттоонун алдында COVID-19га анализ тапшыруу үчүн жакын жерде лаборатория табууга жардам берет.

Тиркеме ЕАЭБ өлкөлөрүнө барууну пландап жаткандар үчүн керектелет. Ошондой эле учурда тиркемеге ЕАЭБ өлкөлөрүнөн сырткары, Азербайжан, Молдова, Тажикстан жана Өзбекстан кошулду.

Тиркеме кандай колдонулат?

1. AppStore же PlayMarketтен «COVID-19 жок саякаттайм» тиркемесин жүктөп алыңыз;

2. Программага киргизилген жакынкы ПЧР лабораторияга кайрылыңыз;

3. Лаборатория берген макулдашууга кол коесуз жана көрсөтүлгөн QR-кодду сканерлеп алыңыз;

4. COVID-19га тест тапшырыңыз;.

5. Тесттин жыйынтыгын күтүңүз, ал автоматтык түрдө тиркемеге чыгат. Оң жыйынтык чыккан учурда QR-код кызыл түстө болот, терс жыйынтык чыкса - жашыл түстө болот;.

6. Чет мамлекетке чыгаардын алдында тесттин жыйынтыгы тиркемеге чыккандыгын текшерип алыңыз, ошондой эле үлгүнү алган учурдан тартып тесттин жыйынтыгынын убактысы сиз бара турган тиешелүү өлкө белгилеген убакыттан өтүп кетпей тургандыгын текшерип алыңыз;.

7. Чек арадан өтүүдө QR-кодду көрсөтөсүз.

Пикир

Оставить комментарий