• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

С.Жээнбеков турак жайларды камсыздандыруу боюнча эл арасында түшүндүрүү иштерин күчөтүүнү тапшырды

Өкмөт 0

Бишкек, 11-апрель /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков “Мамлекеттик камсыздандыруу уюму” ачык акционердик коомунун 2016-жылдагы аткарган иштеринин жыйынтыгы боюнча жумушчу кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу Өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирди.

“Мамлекеттик камсыздандыруу уюму” ААК башкармалыгын төрагасы Бакыт Жумашев камсыздандыруунун түрлөрү тууралуу айтып, өрттөн жана табият кырсыктарынан эл жашаган турак жайлар, жумуш берүүчүнүн иш үстүндө жумушчусунун ден соолугуна жана жашоосуна зыян келтирилген учурдагы жарандык жоопкерчиликти, ишкана-мекемелердин жарандык жоопкерчилигин, кооптуу өндүрүштүк объектилерди эксплуатациялаган жооптуулардын жоопкерчиликтерин, жүргүнчүлөрдү ташууда кооптуу жүктөрдү ташыгандардын жарандык жоопкерчиликтери камсыздандырылышы керектигин айтты.

Анын маалыматына ылайык, 2016-жылы 10 813 турак жай камсыздандырылып, ал эми 40 жаран өз эрки менен башка түрдөгү камсыздандыруу кызматын пайдаланган.

Токтомго ылайык, айыл жергесиндеги турак үйлөрдү камсыздандыруу 600 сомду тузөт, кырсык катталган учурда 500 миң сом жабыр тарткан үй ээсине төлөнүп берилет. Шаар жергесинде камсыздандырууга 1 200 сом төлөнүп, кырсык болгон учурда бир миллион сом берилет.

2016-жылы камсыздандыруу төлөмүнүн жалпы көлөмү 8 миллион 640 миң 77 сом болгон. Ал эми турак үйлөрдү өрттөн, жаратылыш кырсыктарынан камсыздандырууга берилген сумма 7 миллион 764 миң 15 сом же жалпы камсыздандыруу төлөмүнөн 89,8% түзөт.

Бакыт Жумашевдин айтымында, камсыздандыруу өнөктүгүнө айыл жергесиндеги, тоолуу райондордун, өзгөчө Ош, Жалал-Абад жана Нарын облустарынын жашоочулары активдүү катышып келишет.

Былтыр турак жайларын камсыздандырган жарандарга 1 миллион 419 миң 2 сом төлөнгөн, ал эми 2017-жылдын I-кварталына 732 миң 1 сом берилген.

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков “Мамлекеттик камсыздандыруу уюму” ААК калк арасында камсыздандыруу боюнча түшүндүрүү иштерин активдүү жүргүзүү керектигин белгиледи. Бул иштер жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрү жана тийиштүү мамлекеттик мекемелер менен биргеликте жүргүзүлүшү зарыл. Өкмөт башчы республикада кар жана көчкү түшчү зоналарды эске алуу менен жаратылыш кырсыктарынан, ошондой эле өрттөн үйлөрдү сөзсүз түрдө камсыздандыруу маанилүү экендигин баса белгиледи.

“Эгерде жаратылыш кырсыгынан жарандардын турак жайы жараксыз абалга кептелсе, алар мамлекеттен гана эмес, камсыздандыруу компаниясынан да каражат алганга шарт түзүлөт. Албетте, камсыздандыруу компаниясынан каражатты үйлөрүн камсыздандырган болсо гана алышат. Ошондуктан, калк камсыздандыруу боюнча маалымдар болууга тийиш, буга өзгөчө көңүл буруу керек”, – деди Сооронбай Жээнбеков.

Пикир

Оставить комментарий