• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Садыр Жапаров БАЭнин энергетика жана инфраструктура министри менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү

Президент 0


Бишкек, 01.12.23./Кабар/. Президент Садыр Жапаров 30-ноябрда Дубай шаарына болгон иш сапарынын алкагында Бириккен Араб Эмираттарынын (БАЭ) энергетика жана инфраструктура министри Сухейль Аль-Мазруи менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү.

Тараптар соода-экономикалык, инвестициялык жана энергетикалык тармактарда кызматташтыкты активдештирүү маселелерин талкуулашты.

Мамлекет башчысы БУУнун Климаттын өзгөрүшү боюнча алкактык конвенциясынын Тараптарынын 28-конференциясынын Жогорку деңгээлдеги Сегментине катышууга чакыргандыгы үчүн ыраазычылык билдирди.

Садыр Жапаров БАЭде климаттын өзгөрүшүнө каршы күрөшүүдө алдыңкы тажрыйба жана демилгелер бар экенин белгилеп, саммитте көтөрүлгөн маселелер жакын арада өз жыйынтыгын берерине ишеним билдирди.

Ал Кыргызстан БАЭ менен достук мамилелерди өнүктүрүүгө чоң маани берерин белгиледи. Бул контекстте мамлекет башчысы Кыргызстандын Энергетика министрлиги, «Масдар» компаниясы жана француздук «Электрисите де Франс» компаниясынын ортосунда үч тараптуу өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга кол коюу гидроэнергетика тармагындагы кызматташуу үчүн абдан кызыктуу перспективаларды ачарын белгиледи.

Садыр Жапаров ошондой эле жакынкы аралыкта Кыргызстанда ишке ашырыла турган биргелешкен долбоорлорду дыкат макулдашып, аныктап алуу жакшы болоруна токтолду.

Мамлекет башчысы Кыргызстандын энергетикалык потенциалы чоң экенин, бирок бүгүнкү күндө суу-энергетикалык потенциалдын колдонуу пайызы 13% гана экенин баса белгиледи.

Буга байланыштуу президент жашыл технологияларды кеңири колдонуу, энергиянын кайра жаралуучу булактарын киргизүү жана өнүктүрүү зарылдыгын белгиледи.

Өз кезегинде БАЭнин энергетика жана инфраструктура министри Сухейль Аль-Мазруи Мамлекет башчысына алдыдагы Саммитке катышууга чакырууну кабыл алганы үчүн ыраазычылык билдирип, БАЭнин президенти Шейх Мухаммед бин Заед Аль Нахайяндын жылуу саламын жолдоду.

Министр энергетика, гидроэнергетика жана энергиянын кайра жаралуучу булактарын өнүктүрүү боюнча биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга байланыштуу маселелерге кеңири токтолду, анын ичинде «Масдар» компаниясы менен да.

Сухейль Аль-Мазруи Садыр Жапаровго бул компанияга көрсөткөн колдоосу үчүн ыраазычылык билдирип, долбоор ийгиликтүү ишке ашып, Кыргызстанга ири инвестиция алып келээрине ишенимин билдирди. Мындан тышкары, ал Дубай тараптын энергетика тармагындагы тажрыйбасы менен бөлүшүүгө жана зарыл консультацияларды берүүгө даяр экендигин билдирди.

Ошону менен бирге ал кыргыз тарап менен кол коюлуп жаткан Меморандумдун алкагында белгиленген пландарды тез арада ишке ашырууга кызыкдар экенин баса белгиледи. Министр долбоорлордун жүрүшү анын жеке көзөмөлүндө болорун кошумчалады.

Соңунда энергетика жана инфраструктура министри Сухейль Аль-Мазруи анын өлкөсү Кыргызстан менен кеңири чөйрөдө эки тараптуу кызматташтыкты бекемдөөгө умтулуусун белгиледи.

Пикир

Оставить комментарий