• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Садыр Жапаров Бишкек ЖЭБин толугу менен модернизациялоону тапшырды

Президент 0

Бишкек, 02.02.24. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров Бишкек Жылуулук электр борборун толугу менен модернизациялоону тапшырды.

Мамлекет башчысы "Кабар" агенттигине берген маегинде түндө штаттык эмес кырдаал катталган ЖЭБ 1961-жылы ишке берилгендигин билдирди.

"Темир болсо да өзүнүн мөөнөтү бүтчү убактысы бар да. Баары эскилиги жеткен. Жылда жайдын күнү ремонт иштерин жасап, кышка даярдык көрүп, иштетип келе жатабыз", - деп, авария ЖЭБдин эски бөлүгүндө болгондугун баса белгиледи.

"Ал эми жаңы блоктор курулбаганда абал мындан оор болмок дегендер – бет тырмарлык кылгандар. “Кылгылыкты кылып коюп, кыл жип менен бууп коюп”, мыйыгынан күлүп олтургандар. Азыр эми ЖЭБди толугу менен модернизациялоого тапшырма бердим. Албетте, чоң сумманы талап кылат. Айла жок, каражат булактарын издеп табабыз да эми", - деди Садыр Жапаров.

Эскерте кетсек, 2-февралга караган түнү болжол менен саат 03:00дө Бишкек ЖЭБинде авария катталып, жабдуулар иштен чыккан. Алдын ала маалыматка караганда, беш адам жабыркап, ооруканага түштү.

Аварияга байланыштуу шаар тургундарына ысык суу берүүдө чектөө киргизилди.

ЖЭБдеги авариялык абалдын кесепеттерин тез арада жоюу боюнча иш алып баруу үчүн ыкчам штаб түзүлдү. Учурда ЖЭБдин кызматкерлери аравиялык абалдын келип чыгуу себептерин аныктоо жана калыбына келтирүү боюнча аракеттерди көрүүдө.

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров, энергетика министри Таалайбек Ибраев жумушчу сапарларын үзгүлтүккө учуратып, Бишкек ЖЭБне келишти.

Пикир

Оставить комментарий