• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Садыр Жапаров ири кытайлык компаниясынын башкы директорунун орун басарын кабыл алды

Президент 0

Бишкек, 20.03.24. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров бүгүн China State Railway Group Co., Ltd. компаниясынын башкы директорунун орун басары Ван Тунцзюнду кабыл алды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдиришти.

Мамлекет башчысы конок менен учурашып жатып, эки өлкөнүн ортосундагы эки тараптуу мамилелер, анын ичинде соода-экономикалык өз ара аракеттенүү жогорку деңгээлде экендигин канааттануу менен белгиледи.

Садыр Жапаров кыргыз тарап Кытайдын төрагасы Си Цзиньпиндин "Бир алкак – бир жол" демилгесин толугу менен колдой турганын баса белгиледи. Ал Кыргызстандын Кытай менен соода-экономикалык кызматташтыгына оң таасирин тийгизе турган бул демилгенин алкагындагы эң ири транспорттук долбоор - Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолунун курулушу экенин айтты.

Бул контекстте президент Ван Тунцзюнга Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жол магистралын куруу боюнча долбоорду ишке ашыруудагы кызматташтыгы үчүн ыраазычылык билдирип, пландалып жаткан темир жол Кытай менен Борбор Азия өлкөлөрүн бириктире турганын белгиледи. Андан ары Европа жана Перс булуңундагы өлкөлөргө жаңы транспорттук каттамдарды ачат.

Мамлекет башчысы Кыргызстан, Кытай жана Өзбекстан аталган долбоорду алдыга жылдыруу боюнча активдүү иштерди жүргүзүп жатканын айтты. Кыргызстандын абдан чечкиндүү ниети бар, жакынкы бир нече жылда бул магистралды куруп бүтүргүсү келет.

Садыр Жапаров азыркы учурда тараптар долбоорду ишке ашыруу механизми жөнүндө жалпы түшүнүшүүгө жетишкенин канааттануу менен белгиледи. Атап айтканда, долбоор тараптардын үч темир жол ишканасынын ортосунда биргелешкен долбоордук компанияны түзүү жолу менен курулуш – эксплуатациялоо – өткөрүп берүү модели боюнча ишке ашырылаары болжолдонууда.

Президент Садыр Жапаров өлкөнүн алдында жалпысынан өнүгүү боюнча абдан чоң милдеттер турганын, ошондуктан инвесторлор менен кызматташууга чоң кызыгуу бар экенин баса белгиледи.

Өз кезегинде, China State Railway Group Co., Ltd. компаниясынын башкы директорунун орун басары Ван Тунцзюнь Садыр Жапаровго жеке жолугушуу мүмкүнчүлүгү үчүн ыраазычылык билдирип, өлкө жетекчилиги тарабынан экономиканы өнүктүрүү жана калктын жашоо деңгээлин жакшыртуу боюнча көрүлүп жаткан аракеттерди суктануу менен белгиледи.

Ван Тунцзюнь тараптар Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан регионалдык долбоорунун маанилүүлүгүн эске алуу менен аны ишке ашырууда кызматташууну илгерилетүү жол-жоболорун тездетүүгө даяр экендигин баса белгиледи. Мындан тышкары, долбоордун техникалык-экономикалык негиздемесин иштеп чыгууну тездетүүгө жана бекитүүгө, ошондой эле тиешелүү макулдашууга кол коюуга даярдыгы белгиленди. Ал бул долбоор кыска мөөнөттө ишке ашаарына ишеним билдирди.

China State Railway Group Co., Ltd. компаниясынын башкы директорунун орун басары Кытай темир жолдорунун мамлекеттик корпорациялары эки өлкө жетекчилигинин ортосундагы келишимдерди ишке ашырууга өзгөчө көңүл буруп жатканын баса белгиледи. Алар өз кезегинде бул долбоорду ишке ашырууда алдыңкы аткаруучулар катары ишти жасоого даяр. Бул максаттар үчүн бул багыттагы эл аралык долбоорлорду ишке ашырууда өзүнүн бай тажрыйбасын колдоно турган эң тажрыйбалуу команда тандалып алынды.

Пикир

Оставить комментарий