• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Ошто ӨКМдин куткаруучулары Нооруз майрамын белгиледи

Аймак 0

Бишкек, 20.03.24. /Кабар/. Ошто Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Республикалык өзүнчө куткаруу отрядында Нооруз майрамына карата спорттук жана маданий иш-чара өттү.

ӨКМден билдиришкендей, иш-чарада спорттун волейбол, кичи футбол түрлөрү, ошондой аркан тартыш, бука тартыш, жоолук таштамай, ордо улуттук оюндары боюнча мелдеш өткөрүлдү.

Жыйынтыгында ар бир мелдештин жеңүүчүлөрү аныкталып, мыкты оюн көрсөткөн куткаруучулар отряд командиринин Ардак грамотасы жана дипломдор менен сыйланышты.

Пикир

Оставить комментарий