• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Садыр Жапаров ЕЭК коллегиясынын төрагасы Бакытжан Сагинтаевди кабыл алды

Президент 0


Бишкек, 12.03.24. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров бүгүн Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) коллегиясынын төрагасы Бакытжан Сагинтаевди кабыл алды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Кыргызстандын Евразия экономикалык биримдигине мүчөлүгү алкагындагы кызматташуунун актуалдуу темалары, ошондой эле Евразия мейкиндигинде интеграцияны тереңдетүү жана кеңейтүү маселелери талкууланды.

Мамлекет башчысы Бакытжан Сагинтаевди бул жогорку кызматка дайындалышы менен куттуктап, ага Биримдиктин алдында коюлган бардык милдеттерди ишке ашырууда зор ийгиликтерди каалады.

Садыр Жапаров ушул жылдын май айында ЕАЭБ жөнүндө келишимге кол коюлганына 10 жыл болорун белгиледи. Бул мезгил аралыгында иштин бардык негизги багыттары боюнча олуттуу натыйжаларга жетишилди. Ошону менен бирге ал келишимдин кыйынчылык менен аткарылып жаткан айрым жоболорун, тактап айтканда, "төрт эркиндик" принцибин: товарлардын, кызмат көрсөтүүлөрдүн, капиталдын жана жумушчу күчүнүн кыймылын баса белгиледи.

Президент бүгүнкү күндө тескерисинче биримдиктин ичинде өз ара соода жүргүзүүдө тоскоолдуктар күчөгөнүн баса белгиледи. Акыркы 7 жыл аралыгында Биримдиктин мүчө мамлекеттеринин башчыларынын ар бири ички рыноктогу көйгөйлөр жөнүндө айтып келишкен, бирок алар чечилбей жаткандыгын моюнга алуу керек.

Мамлекет башчысы толук кандуу экономикалык Биримдикти түзүү бардыгы үчүн артыкчылыктуу милдет болуп саналат жана бул максатка эң жакын арада жетишүү зарыл экендигине ишенет.

Президент Садыр Жапаров өткөн жылы Санкт-Петербург шаарында өткөн Жогорку Советтин жыйынынын алкагында ЕАЭБди андан ары өнүктүрүүгө багытталган бир катар артыкчылыктуу милдеттерди белгилегенин эске салды.

Өз кезегинде ЕЭК Коллегиясынын төрагасы Бакытжан Сагинтаев бүгүнкү күндө Биримдик динамикалуу өнүгүп жаткан интеграциялык бирикме болуп саналарын баса белгилеп, ЕАЭБдин ИДПсы 2,2 трлн АКШ долларына жеткенин баса белгиледи.

Биримдик ичиндеги өз ара соодадагы тоскоолдуктар боюнча Бакытжан Сагинтаев Комиссия тарабынан бул багытта жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу маалымдады. Ал белгилегендей, пайда болгон айрым маселелерди чечүү үчүн ыкчам чаралар көрүлүүдө.

Баарлашуунун жүрүшүндө коллегиянын төрагасы Евразия экономикалык Биримдигинин мамлекет башчылары 2003-жылдын 25-декабрында кол койгон ЕАЭБди 2030-жылга чейин өнүктүрүү жана 2045-жылга чейинки "Евразия экономикалык жолу" Декларациясына токтолуп, азыркы учурда аталган документтин алкагында иш-чаралар планы даярдалып жатканын баса белгиледи.

Тараптар евразиялык интеграциянын алкагында кызматташтыкты өнүктүрүүнү улантууну макулдашышты.

Пикир

Оставить комментарий