• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Садыр Жапаров Япониянын императоруна жана премьерине жер титирөөнүн курмандыктарына байланыштуу көңүл айтты

Президент 0

Бишкек, 02.01.24. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров Япониянын императору Нарухитого жана премьер-министри Фумио Кисидага жер титирөөгө байланыштуу көңүл айтуу телеграммасын жөнөттү.

«Болуп өткөн жер титирөөдөн улам көптөгөн курмандыктарга алып келген кыйроолор жана андан жабыр тарткан жарандар жөнүндө кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдым. Жалпы япон элине чын жүрөктөн чыккан тилектештик жана колдоо сөздөрүмдү жеткирип коюуңузду өтүнөм. Каза болгондордун туугандарынын аза кайгысын тең бөлүшөм. Бул апааттан жабыр тарткандардын бардыгынын тез сакайып кетишин каалайм», - деп айтылат телеграммада.

Белгилей кетсек, 1-январда Япониянын Исикава префектурасында күчү 7,6 баллга жеткен катуу жер титирөө катталды.

Жергиликтүү ЖМКлардын билдирүүсүнө караганда, 50гө жакын адам каза болуп, 10дон ашуун киши жабыркаган.

Кеминде 110 имарат кыйрап, өлкөнүн батыш тарабында цунами коркунучу бар экендиги жарыяланды.

Кыргызстандын Япониядагы элчилигинин маалыматы боюнча, Японияда болгон жер титирөөдөн каза болгондордун жана жабыркагандардын арасында Кыргыз Республикасынын жарандары жок.

Жер титирөөнүн очогуна жакын Тояма шаарында жүргөн Кыргызстандын беш жараны үйлөрүнөн жакын жердеги баш калкалоочу жайларга эвакуацияланды.

КР ТИМ жана Кыргызстандын Япониядагы элчилиги кырдаалга мониторинг жүргүзүп, Японияда жүргөн Кыргызстандын жарандары менен байланышта.

Зарыл болгон учурда Кыргыз Республикасынын жарандары элчиликке +819063787231 ыкчам телефону аркылуу кайрылуулары зарыл.

Пикир

Оставить комментарий