• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Садыр Жапаров Ильхам Алиевди Азербайжандагы президенттик шайлоодогу жеңиши менен куттуктады

Президент 0

Бишкек, 08.02.24. /Кабар/. Бүгүн, 8-февралда, президент Садыр Жапаров Азербайжандын президенти Ильхам Алиев менен телефон аркылуу сүйлөштү.

Садыр Жапаров Ильхам Алиевди 7-февралда өткөн кезексиз президенттик шайлоодогу ишенимдүү жеңиши менен жылуу куттуктап, боордош Азербайжан элине мындан ары да гүлдөп-өнүгүшүн каалады.

Өлкө башчылары ошондой эле кыргыз-азербайжан эки тараптуу кызматташтыктын актуалдуу багыттарын жана биргелешкен өз ара аракеттенүүнүн келечегин талкуулашты.

Пикир

Оставить комментарий