• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Садыр Жапаров JICAнын президенти Акихико Танака менен жолугушту

Президент 0

Бишкек, 20.11.23. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров бүгүн Японияга болгон расмий сапарынын алкагында Токио шаарында Япония Эл аралык кызматташтык агенттигинин (JICA) президенти Акихико Танака менен жолугушту.

Тараптар агенттиктин ишмердүүлүгү аркылуу Кыргызстан менен Япониянын ортосунда түзүлгөн ишенимдүү мамилелерди канааттануу менен белгилешти.

Президент Садыр Жапаров эки өлкөнүн өкмөттөрүнүн ортосундагы достук мамилелердин өнүгүүсүндөгү оң тенденцияны белгилеп, өлкөгө көрсөткөн көп жылдык колдоо үчүн JICAга ыраазычылык билдирди.

Садыр Жапаров кыргыз тарап менен JICA ортосундагы түзүлгөн өз ара аракеттенүүнү улантууда энергиянын кайра жаралуучу булактары чөйрөсүндөгү долбоорлорду каржылоо маселелерин кароону, ошондой эле позитивдүү мультипликативдик эффект бере турган транспорт жана коммуникациялар тармагындагы ири инфраструктуралык долбоорлорду ишке ашырууну изилдөөсүн сунуштады.

Өз кезегинде JICAнын президенти Акихико Танака жогорку даражалуу коноктор менен саламдашып жатып, президент Садыр Жапаров баштаган Кыргыз Республикасынын делегация мүчөлөрүн Японияда көргөнүнө кубанычта экенин белгиледи.

JICA башчысы Япония Эл аралык кызматташтык агенттиги Кыргызстан менен өнөктөштүк мамилелерге өзгөчө көңүл бурарын жана уюм Кыргызстандагы экономиканы жана айыл чарбаны, энергетиканы өнүктүрүүгө жана туризмди, экспорттук потенциалды жогорулатууга багытталган долбоорлорго, ошондой эле Кыргызстандагы жол-транспорт инфраструктурасын өнүктүрүүгө басым жасоого ниеттенип жатканын баса белгиледи. Буга байланыштуу Акихико Танака артыкчылыктуу багыттарда кызматташууну улантууга жана биргелешкен долбоорлорду натыйжалуу ишке ашырууга даяр экендигин тастыктады.

Ал ошондой эле президент Садыр Жапаровдун өлкөгө болгон бул расмий сапары Кыргызстан менен Япониянын ортосундагы эки тараптуу мамилелерди чыңдоого жана өнүктүрүүгө чоң салым болоруна ишенет.

Пикир

Оставить комментарий