• 88.68
  • 95
  • 0.95

Жапаров Михаил Швыдкой, Полад Бүлбүл оглу жана Анатолий Иксановго мамлекеттик сыйлыктарды тапшырды

Президент 0

Бишкек, 31.08.21./Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 31-августта, Россия Федерациясынын Президентинин эл аралык маданий кызматташтык боюнча атайын өкүлү, КМШга мүчө мамлекеттердин Мамлекеттер аралык гуманитардык кызматташтык фондунун (МГКФ) башкармалыгынын теңтөрагасы Михаил Швыдкой, Азербайжан Республикасынын Россия Федерациясындагы толук жана ыйгарым укуктуу элчиси, МГКФ Төрагасы Полад Бүлбүл оглу жана МГКФ аткаруучу директору Анатолий Иксанов менен жолугушту. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирет.

Мамлекет башчысы МГКФ алкагында КМШга мүчө-мамлекеттердин Шериктештикке кирген өлкөлөрдүн маданият аралык байланыштарын чыңдоо боюнча активдүү иш алпарылып жатканын белгиледи.

Президент Кыргызстандагы долбоорлорго Фонд тарабынан дайыма колдоо көрсөтүлүп тургандыгы үчүн ыраазычылык билдирди. Алардын кээ бирлери: Дүйнө элдеринин эпосторунун дүйнөлүк фестивалы, КМШ, Балтика жана Грузия өлкөлөрүнүн кыска метраждуу тасмаларынын эл аралык фестивалы, КМШ, Балтика жана Грузия өлкөлөрүнүн искусство боюнча жогорку окуу жайларынын бүтүрүүчүлөрү үчүн «Чыгыштын күнөстүү боёктору» эл аралык пленэри, КМШ жана ШКУ өлкөлөрүнүн Ысык-Көл спорт оюндары, ошондой эле «Үмүт» эл аралык жаш кино форуму.

Садыр Жапаров белгилегендей, Фонд тарабынан жыл сайын 25 миллион рублдан ашык суммага кошумча каржылоодо орто эсеп менен 5-6 долбоор колдоого алынат. «Каракол –Шериктештиктин маданий борбору — 2022 " долбоору алдыда ишке ашуусу күтүлгөн ири долбоорлордон болуп саналат.

«Биз Мамлекеттер аралык гуманитардык кызматташтык фонду менен өз ара кызматташтыкты мындан ары дагы долбоордук иш-чаралар аркылуу өнүктүрүүгө жана Шериктештик өлкөлөрү менен маданий-гуманитардык чөйрөдө эки жана көп тараптуу форматта кызматташууну бекемдөөгө ниеттенип жатабыз. Маданий-гуманитардык кызматташтык биздин өлкөлөрдүн жана элдердин ортосундагы өз ара түшүнүшүүнү мындан ары өнүктүрүү жана чыңдоо үчүн фундаменталдык негизди түзөт. Фонддун жардамы жана колдоосу астында өткөрүлгөн ар кандай иш-чараларга маданият ишмерлеринин катышуусу биздин кызматташтыгыбыздын руханий архитектурасы болуп саналат», — деп айтты ал.

Президент Михаил Швыдкойдун, Полад Бүлбүл оглунун жана Анатолий Иксановдун Шериктеш өлкөлөр деңгээлиндеги маданий байланыштарды чыңдоого жана өнүктүрүүгө кошкон салымы өлчөнгүс экенин белгиледи.

Алардын эмгегин баалап, Садыр Жапаров Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктарын тапшырды:

— Михаил Швыдкойго — тынчтык, достук жана элдер арасындагы кызматташтыкты чыңдоого кошкон чоң салымы, улуттук маданияттарды жакындатуу жана өз ара байытуу боюнча активдүү ишмердүүлүгү, мамлекеттер ортосундагы достук мамилени бекемдегени үчүн — «Данакер» ордени менен сыйланды.

— Полад Бүлбүл оглу — элдер ортосундагы достук жана маданий-гуманитардык байланыштарды өнүктүрүү ишиндеги жетишкендиктери, Кыргыз Республикасынын башка мамлекеттер менен ар тараптуу кызматташтыгын бекемдегени үчүн — «Достук» ордени менен сыйланды.

— Анатолий Иксанов — өлкөлөрдүн маданий-гуманитардык жана руханий потенциалын көбөйтүүгө, мамлекеттер ортосундагы маданий-гуманитардык байланыштарды бекемдөөгө кошкон салымы үчүн — Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасы менен сыйланды.

Өз кезегинде Михаил Швыдкой Фонддун Кыргызстан менен иштөөсүнүн маанисин белгилеп, биргелешип өнүктүрө турган долбоорлор көп экенин билдирди. Ал өлкө жетекчилигине Кыргызстан-Россия эриш-аркак жылын мыкты өткөргөндүгү үчүн ыраазычылык билдирип, Россия Президенти Владимир Путиндин «Кыргызстандын бакубаттуулугу — бул Россиянын бакубаттуулугу» дегенин эске салып, өлкөлөр ортосундагы мамилеге артыкчылык берилгендигин белгиледи. «Россия үчүн Кыргызстанда тынчтык, тартип болгону маанилүү», — деди Михаил Швыдкой.

Полад Бүлбүл оглу Кыргызстанга карата өзгөчө сезимдерин белгилеп, улуу Манастын убагынан бери татыктуу болуп келген кыргыз элине албан ийгиликтерди каалады.

Анатолий Иксанов дагы Садыр Жапаровго сыйлык үчүн ыраазычылык билдирип, ал маданий, жаштар жана башка байланыштарды бекемдөөгө бардык аракетин көргөн МГКФнын жалпы жамаатына таандык экенин белгиледи. «Кыргызстан биздин Фонддун ишмердүүлүгүндө өзгөчө орунда. Ал сиздердин өлкөдө иштеген убактан бери 60тай долбоор ишке ашырылды жана кыргыз досторубуз Шериктештик мамлекеттериндеги 350 долбоорго катышышты», — деди ал.

Иш-чара соңунда Президент Садыр Жапаров меймандарга визит үчүн ыраазычылык билдирип, аларга бекем ден соолук жана иштерине мындан аркы ийгиликтерди каалады.

Пикир

Оставить комментарий