• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Көк бөрү боюнча президенттин кубогу үчүн эл аралык мелдештин жеңүүчүлөрү аныкталды

Спорт 0

Бишкек, 31.08.21. /Кабар/. Көк бөрү боюнча Кыргызстандын президентинин кубогу үчүн эл аралык мелдештин жеңүүчүлөрү аныкталды.

Көк бөрү федерациясынан билдиришкендей, мелдеш Чолпон-Атадагы ат майданында өтүп, бүгүн, 31-августта, оюндун финалы өттү.

Жогорку лиганын жеңүүчүлөрү:

3-орун - "Ала-Тоо" командасы (Ош шаары), 250 миң сом;
2-орун - "Сары-Өзөн" (Чүй облусу), 500 миң сом;
1-орун - "Ынтымак" (Талас облусу), 1 млн сом.

Эл аралык лиганын жеңүүчүлөрү:

3-орун - "Бакубат Талас" (Талас облусу), 200 миң сом;
2-орун - Өзбекстандын командасы, 300 миң сом;
1-орун - "Жети-Өгүз" (Ысык-Көл облусу), 600 миң сом.

Биринчи лиганын жеңүүчүлөрү:

3-орун - "Соң-Көл" (Нарын облусу), 50 миң сом;
2-орун - "Мурас" (Ысык-Көл облусу), 70 миң сом;
1-орун - "Көк Жал" (Бишкек), 100 миң сом.

Пикир

Оставить комментарий