• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Калмира Билимбек кызы жаштар арасындагы Дүйнө чемпионатынын финалына чыкты

Спорт 0


Бишкек, 19.08.21. /Кабар/. Кыргызстандык спортчу Калмира Билимбек кызы жаштар арасындагы Дүйнө чемпионатынын финалына чыкты. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттигинен билдиришти.

Эскерте кетсек, эркин, грек-рим жана кыз-келиндер арасында күрөш боюнча Дүйнө чемпионаты 16-22-августта Россиянын Уфа шаарында өтүүдө.

Финалда Калмира Билимбек кызы беларусиялык балбан кыз менен беттешет.

Буга чейин жаштар арасында эркин күрөш боюнча Кыргызстандын курама командасынын мүчөсү Мухаммад Абдуллаев Дүйнө чемпионатында коло медаль уткан.

Пикир

Оставить комментарий