• 88.68
  • 95
  • 0.95

Бүгүн Катарда футбол боюнча негизги континенталдык турнир – Азия Кубогу старт алат

Спорт 0

Бишкек, 12.01.24. /Кабар/. Бүгүн Катарда футбол боюнча негизги континенталдык турнир – 2023-жылкы Азия Кубогу старт алат.

Турнирдин ачылышы "Лусаил" стадионунда өтүп, алгачкы оюн Катар жана Ливан курама командаларынын ортосунда орун алат. Оюн Бишкек убактысы боюнча саат 22:00дө башталат.

Азия Кубогуна жалпысынан 24 улуттук футбол курама командасы катышып, алар төрт командадан турган алты тайпага бөлүнгөн.

Тайпалык этаптын жыйынтыгы боюнча турнирдин плей-офф баскычына ар бир квартеттен эң мыкты эки команда, ошондой эле тайпада 3-орунду ээлегендердин ичинен эң мыкты 4 команда чыгат.

Кыргыз футбол союзунан кабарлашкандай, Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасы Азия биринчилигине өз тарыхында экинчи жолу ойнойт.

Кыргызстандын улуттук курамасы "F" тайпасында орун алган, атаандаштары Таиланд, Сауд Аравия жана Оман курамалары болот. Турнирдеги "Ак шумкалардын" старттык беттеши 16-январда "Абдулла Бин Халифа" стадионунда өтөт. Башталышы Бишкек убактысы боюнча саат 20:30да.

Эске сала кетсек, аталган турнирдин бардык оюндарынын түз алып берүүлөрү Кыргызстандын аймагында "УТРК Спорт" каналында жеткиликтүү болот.

Оюндардын жүгүртмөсү: 16-январь | 1-оюн күнү
Таиланд 20:30 Кыргызстан Абдулла бин Халиф стадиону
Сауд Аравия 23:30 Оман Халифа стадиону
21-январь | экинчи 2-оюн күнү
Оман 20:30 Таиланд Абдулла бин Халиф стадиону
Кыргызстан 23:30 Сауд Аравия Ахмат бин Али стадиону
25-январь | 3-оюн күнү
Кыргызстан 21:00 Оман Абдулла бин Халиф стадиону
Сауд Аравия 21:00 Таиланд Эдьюкейшн сити стадиону

Азия Кубогу үстүбүздөгү жылдын 12-январынан 10-февралына чейинки аралыкта Катардагы 9 стадионунда өтөт.

Пикир

Оставить комментарий