• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Өлкөнүн "Алыш" күрөшү боюнча жеңүүчүлөрү аныкталды

Спорт 0

Бишкек, 12.02.19. /Кабар/. Кыргызстанда "Алыш" белбоо күрөшү боюнча эркектер жана кыз-келиндер арасындагы биринчилик өтүп, жеңүүчүлөр аныкталды. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдиришти.

Мелдеш 10-11-февраль күндөрү Каба уулу Кожомкул атындагы спорт ордосунда болуп өткөн. Ага өлкөнүн баардык облустарынан жана Бишкек менен Ош шаарынан келген 300 спортчу катышкан.

Балбандар 6 салмак ченинде, эркин жана классикалык стилдерде күч сынашкан.

Кыз-келиндер арасында Элзада Момунжанова, Нурзат Бахтияр кызы, Батма Дыйканова, Мээрим Момунова, Күмүшай Аттокур кызы, Нагира Сарбашева, Анара Рыскулова, Элза Абдыкадырова, Ханзада Алтынбек кызы, Клара Бактияр кызы, Нурзада Мыктыбек кызы, Кундузай Жайчибекова мыкты болушкан.

Ал эми эркектер арасында Марлен Абдурасулов, Мадаминбек Шаршеналы уулу, Орозбек Аширов, Элдияр Сексенбаев, Бектурган Кожомуратов, Абдурахимов Комолиддин, Элмирбек Улутали уулу, Жылдызбек Каримжан уулу, Акылбек Төрөбеков, Адилет Кубатбек уулу, Чыңгыз Чалабаев, Кадыр Келсинбеков мыкты чыгышкан.

Биринчиликтин жыйынтыгы менен жеңүүчүлөргө "КРнын Спорт чебери" наамы берилген.

Мелдештин калган байге ээлери менен аталган мекеменин сайтынан таанышууга болот.

Пикир

Оставить комментарий