• 88.68
  • 95
  • 0.95

Бишкекте Азия чемпионаты жыйынтыкталды. Кыргызстандын куржунунда 14 медаль бар

Спорт 0

Бишкек, 17.04.24. /Кабар/. Бишкекте спорттук күрөш (эркин күрөш, грек-рим күрөшү жана кыз-келиндер күрөшү) боюнча Азия чемпионаты жыйынтыкталды.

Мелдештер 11-16-апрель аралыгында “Бишкек Арена” шаардык муз аянтчасында өттү. Ага 20га жакын мамлекеттин курама командалары катышты: Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан, Түркмөнстан, Түштүк Корея, Кытай, Индия, Япония, Иран, Палестина, Ирак, Түндүк Корея, Монголия, Шри-Ланка, Ирак, Пакистан, Бахрейн жана Тажикстан.

  • 11-12-апрель күндөрү эркин күрөш,
  • 13-14-апрель кыз-келиндер арасында,
  • 15-16-апрель грек-рим күрөшү боюнча беттештер орун алды.

Кыргызстандын байге куржунунда жалпы 14 медаль бар, анын ичинен 4 — алтын, 3 — күмүш жана 7 — коло.

Байгелүү орундарды багындырган эркин күрөшчүлөр:

  • Тайырбек Жумашбек уулу (61 кг) — алтын
  • Айаал Лазарев (125 кг) — күмүш
  • Алибек Осмонов (70 кг) — коло
  • жана Улукбек Жолдошбеков (65 кг) — коло медаль.

Жалпы командалык эсепте 121 упай топтоп кыргыз балбандары 3-орунду ээледи.

Кыз-келиндер күрөшү:

  • Айсулуу Тыныбекова (62 кг) — алтын
  • Айпери Медет кызы (76 кг) — алтын
  • Арууке Кадырбек кызы (55 кг) — коло
  • Гүлнура Таштанбекова (68 кг) — коло медаль.

Жалпы командалык эсепте Кыргызстандын кыз-келиндер күрөшү боюнча улуттук курама командасы 5-орунду ээледи.

Грек-рим күрөшү:

  • Жоламан Шаршенбеков (60 кг) — алтын
  • Акжол Махмудов (77 кг) — күмүш
  • Раззак Бейшекеев (67 кг) — күмүш
  • Бекзат Орункул уулу (82 кг) — коло
  • Улан Муратбек уулу (55 кг) — коло
  • Эрлан Манатбеков (130 кг) — коло медаль тагынды.

Грек-рим күрөшү боюнча улуттук курама жалпы командалык эсеп боюнча 2-орунду ээледи.

Белгилей кетсек, Азия чемпионатын өткөрүүгө мамлекет тарабынан 16 млн сом бөлүнгөн.

Пикир

Оставить комментарий