• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Пензадагы жол кырсыгында Өзбекстандын жети жараны каза болду

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 12.01.24. /Кабар/. Россиянын Пенза облусунда катталган жол кырсыгында Өзбекстандын жети жараны каза болду. Каргашалуу окуя күн мурун, 11-январда болгон.

Россиянын Тергөө комитети кабарлагандай, 11-январда Москваны көздөй бараткан JAC үлгүсүндөгү минивэндин 1981-жылкы айдоочусу каршы тилкеге чыгып кетип, Volvo жүк унаасы менен сүзүшкөн. Жыйынтыгында жеңил унаадагы жети киши каза болуп, дагы экөө жаракат алган.

"РИА Новости" агенттигинин маалыматына караганда, минивэнде Өзбекстандын мамлекеттик номуру болгон.

Кырсыкка байланыштуу "Керектөөчүнүн өмүрүнүн же саламаттыгынын коопсуздук талаптарына жооп бербеген кызмат көрсөтүү, анын айынан эки же андан көп адамдын өлүшү" беренеси менен кылмыш иши козголду.

Пикир

Оставить комментарий