• 88.68
  • 95
  • 0.95

Кыргызстандык спортчулар асихара-каратэ боюнча дүйнө чемпионатында 5 медаль багындырды

Спорт 0

Бишкек, 14.03.22. /Кабар/. Кыргызстандык спортчулар асихара-каратэ боюнча дүйнө чемпионатында беш медаль багындырды. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик департаментинен билдиришти.

Мелдеш 2-6-мартта Түркиянын Анталья шаарында өттү. Кыргызстандык спортчулар Розанна Исангулова 60 кг салмакта (senior women u22) жана Валентина Благодарова 65 кг салмакта (senior masters m1) алтын медаль, Айтурган Каркенова 65 кг салмакта (senior women u22) күмүш, ал эми Абдул Полтаев 60 кг салмакта (senior men u22) жана Бахрам Абдулаев 60 кг салмакта (senior men u22) коло медалга татыды.

Ошондой эле Кыргызстан жалпы командалык көрсөткүчтө 18 өлкөнүн ичинен 5-орунга илинди.

Пикир

Оставить комментарий