• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Садыр Жапаров Ленинграддын блокададан толук бошотулган күнүнө карата кайрылуу жасады

Президент 0

Бишкек, 27.01.24./Кабар/. Президент Садыр Жапаров бүгүн Ленинград шаарынын блокададан толук бошотулган күнүнө карата кайрылуу жасады.

Урматтуу мекендештер!

Улуу Ата Мекендик согуштун ардактуу ардагерлери!

Биз, жалпы кыргызстандыктар ар жылы ушул күнү Улуу Ата Мекендик согушта Ленинград шаарын фашисттик блокададан бошотууда курман болгондорду эскерип келебиз.

Ленинград шаары курчоодон толук бошотулган күндөн бери 80 жыл өтсө дагы, бул күндү ата-бабаларыбыздын элеси үчүн эч качан жүрөгүбүздөн чыгарбайбыз. Себеби аталган салгылашта 4,5 миңден ашуун мекендешибиз баатырларча курман болгон.

Фашисттик баскынчылардын шаарды тыптыйпыл талкалоо боюнча коркунучтуу пландарынын мизин майтарган советтик жоокерлердин бийик духу менен карапайым тургундардын бекем эрки бири-бирине ширелген улуу күчтү жараткан. Мына ошондуктан Ленинградды курчоодон бошотуу Улуу Ата Мекендик согуштун тарыхында өз орду бар бараандуу окуяларынан болуп саналат.

Ошол каргашаны башынан өткөрүп, кан майданда согушкан кыргызстандыктардын баары – биздин сыймыгыбыз!

Блокада маалында ар бир союздук республика, анын ичинде Кыргызстан да курчоодо калган Ленинград шаарына жардамын аябай, эшелон-эшелон азык-түлүк, жылуу кийим-кечелерди жиберип, колдоп турган. Кан күйгөн согушта оорукта тыным албай “Бардыгы фронт үчүн!” деп, күн-түнү бел чечпей иштеп турган маалга карабай, Ленинград блокадасынан Кыргызстанга эвакуацияланган 16 миңден ашуун адамды эзелтеден эле меймандос калкыбыз бир тууганындай кабыл алышкан. Аларды кыргыз үй-бүлөлөрү асырап багып, татыктуу атуулдардан кылып тарбиялап өстүргөндүгүн эч ким тана албайт. Ысык-Көлдүн Күрмөнтү айылындагы Токтогон Алтыбасарова энебиздин курчоодон чыгарылып келгендердин ичинен 150 баланы өз баласындай кабыл алып, аларга энелик мээримин төккөнү ар жыл сайын сыймыктануу менен айтылып, эскерилип турушу абзел. Мына ошол артиллериялык аткылоолордон шаар кыйрап, арып-ачкан, суукка тоңгон азаптуу күндөрдү кечирип, кийин Кыргызстандан башбаанек таап, журтубуздун колдоосун көргөндөрдүн урпактары бул күндүн маани-маңызын эсине тутуп жүрүүсү кажет.

Блокадага туруштук бергендердин, Ленинградды өз өмүрлөрү менен коргогондордун өзгөчө каармандыгы ар дайым эсибизде болот, аларга ар дайым урмат-сый көрсөтүүнү милдетибиз деп санайбыз.

Дагы бир жолу таазим, урматтуу ардагерлер, блокадачылар!

Сиздердин эрдигиңиздер бардык муунга каармандыктын мыкты үлгүсү болот деп бекем ишенем! Күжүрмөн эмгегиңиздер эч качан унутулбайт!

Ленинград шаарын фашисттик баскынчылардын курчоосунан бошотууга катышып, эрдик көрсөткөн, азыр арабызда жүргөн ардагерлерибизге бекем ден соолук, узун өмүр тилейм.

Дүйнөдө тынчтык болсун!

Кыргызстаныбыздын асманы ачык болсун!”.

Пикир

Оставить комментарий