• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргызстан менен Афганистандын айыл чарба тармагындагы кызматташтыгы бекемделет

Экономика 0

Бишкек, 27.12.24. /Кабар/. Кыргызстандын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министринин орун басары Маил Алияскаров соода-экономикалык кызматташтыкты чыңдоо максатында Афганистанга барды.

Министрликтен билдиришкендей, 24-январдан 27-январга чейин Маил Алияскаров менен Афганистан өкмөтүнүн жогорку даражалуу өкүлдөрүнүн жолугушуулары болду.

Алсак, Афганистандын премьер-министринин биринчи орун басары Абдул Гани Барадар жана Афганистандын соода жана өнөр жай министринин милдетин аткаруучу Нуруддин Азизи менен эки тараптуу сүйлөшүүлөр жүрдү. Анда экономикалык жана соода алакаларын кеңейтүүгө, ошондой эле биргелешкен инвестициялык долбоорлорго байланышкан маселелер талкууланды.

Мындан тышкары, кайра иштетүү өнөр жай жана айыл чарба тармагындагы бизнес-коомчулуктун өкүлдөрү менен жолугушууларга көңүл бурулууда. Министрдин орун басары кыргыз экономикасынын потенциалы менен тааныштырып, афган ишкерлерин айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана айыл чарба продукциясын кайра иштетүү сыяктуу түрдүү тармактарда кызматташууга чакырды.

Бул иш сапар эки өлкөнүн ортосундагы узак мөөнөттүү кызматташтыкты өнүктүрүүдө маанилүү кадам болуп, достук мамилелерди чыңдоого жана бизнести, сооданы өнүктүрүүгө жагымдуу шарттарды түзүүгө жардам берет.

Пикир

Оставить комментарий