• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргызстанда балык кластери түзүлөт

Экономика 0

Бишкек, 27.01.24./Кабар/. Кыргызстанда балык кластери түзүлөт. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, күн мурун министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары — суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министри Бакыт Төрөбаев Аламүдүн районун Ленин жана Гроздь айылдарындагы балык чарбалардын иши менен таанышып, көчмө жыйын өткөрдү.

Иш-чаранын алкагында балык кластеринин түзүү боюнча чечим кабыл алынды.

Аталган кластер тоюттан баштап, балыкты терең кайра иштеп чыгуу, даяр өндүрүлгөн продукцияны сатууга чейин система түзүүгө мүмкүнчүлүк жаратат.

“Анткени балык чарбасын жандантуу жана өнүктүрүү боюнча бир катар практикалык иштерди жүргүзүү зарылчылыгы келип чыгууда. Алгач бул багытта атайын илимий изилдөөлөрдү жүргүзүү шарт.

Андан соң чабактарды жасалма жол менен уруктандырууну өнүктүрүү, балыктарды өстүрүүдө санитардык, ветеринардык талаптарды сактоо, аларды тоют менен камсыз кылуу, зарыл болгон учурда дарылоо, балык жана балыктан жасалган азыктарды экспортко чыгаруу мүмкүнчүлүгүн жогорулатуу боюнча толук циклди иштеп чыгуу керек”, - деди Төрөбаев.

Мындан сырткары, ал өзгөчө балык көлмөлөрүндөгү балык запастарын сактоо жана көбөйтүү, аларды өз убагында дезинфекциялоо, көлмөлөргө атайын насосторду орнотуу, нитриттер менен нитраттардан жер кыртышын сактоо үчүн атайын геомембраналарды төшөө иштерин жүргүзүү зарылдыгын белгиледи.

“Ошондой эле сууну балык чарбасына максаттуу пайдалануу, Ветеринариялык диагностика жана экспертиза борборунун изилдөө чөйрөсүн кеңейтүү жана аны балык тармагына шайкеш келтирүү, балык азыктарын Россияга экспорттоодо айрым тоскоолдуктарды жоюу жана Кытай базарынын мүмкүнчүлүктөрүн пайдалануу, балык чарбаларына жер участогун пайдалануу үчүн ижара акысын карап чыгуу сыяктуу бир катар маселелер бар”, - деп кошумчалады ал.

Иш-чаранын соңунда Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Балык чарба департаментине жогоруда көтөрүлгөн маселелерди тиешелүү мамлекеттик органдар менен биргеликте иштеп чыгуу боюнча тапшырмалар берилип, чечимдер кабыл алынды.

Пикир

Оставить комментарий