• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Садыр Жапаров өлкөнүн дипломатиялык кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады

Президент 0

Бишкек, 23.10.21. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров бүгүн, 23-октябрда, дипломатиялык кызматкерлерди кесиптик майрамы менен куттуктады. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы маалымдайт.

Төмөндө мамлекет башчысынын куттуктоосу:

“Кыргыз Республикасынын дипломатиялык кызматынын урматтуу кызматкерлери жана ардагерлери!

Сиздерди кесиптик майрамыңыздар – Кыргыз Республикасынын Дипломатиялык кызматкеринин күнү менен чын дилимден куттуктайм!

Өлкөбүздүн тышкы саясат кызматы өзүнүн бай тарыхы менен сыймыктана алат. Кыргыз дипломаттары бүгүнкү күндө улуттук кызыкчылыктарды коргоонун алдыңкы сабында туруп, дүйнөдө тынчтыкты чыңдоого, эң маанилүү глобалдык жана региондук маселелерди чечүүгө салым кошууда.

Тышкы иштер кызматынын ардагерлеринин жана кызматкерлеринин мамлекетибиздин калыптанышына кошкон салымы баа жеткис. Алар - эгемендүү Кыргыз Республикасынын тарыхынын ажырагыс бөлүгү. Республикабыздын тышкы иштер министрлигинин ишмердүүлүгүндө кыргыз дипломаттары жогорку кесипкөйлүгүн жана Ата Мекенине берилген кызматын далилдешип, улуттук кызыкчылыктарды коргоп, эл аралык аренада Кыргыз Республикасынын позициясын бекемдөөдө.

Урматтуу дипломаттар!

Бүгүнкү эл аралык татаал кырдаалда сиздердин кесипкөйлүгүңүздөр, ошондой эле чет элдик өнөктөштөр менен тил табыша билүүңүздөр өзгөчө маанилүү.

Күн тартибинде тынчтыкты сактоо, стратегиялык стабилдүүлүктү чыңдоо, кризистерди жана конфликттерди саясий-дипломатиялык жолдор менен гана чечүү, евразиялык интеграцияга көмөктөшүү, эки тараптуу кызматташтыкты бекемдөө, ошону менен бирге эл аралык уюмдардын алкагында өз ара аракеттенүү маселелери турат.

Экономикалык дипломатияны өнүктүрүүнү улантуу керек, ошондой эле чет өлкөлөрдөгү биздин жарандардын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо зарыл.

Баарыңыздарга чың ден соолук, үй-бүлөңүздөргө бакубат жашоо, ишиңиздерге ийгиликтерди каалайм! Кыргыз Республикасынын гүлдөп өсүшү үчүн талыкпай эмгектене бериңиздер!”.

Пикир

Оставить комментарий