• 84.79
  • 95.75
  • 1.15

Садыр Жапаров маалымат жыйынында өлкөнүн негизги социалдык-экономикалык көрсөткүчтөрүн белгиледи

Президент 0

Бишкек, 23.10.21. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров бүгүн, 23-октябрда, атамекендик жана чет элдик жалпыга маалымдоо каражаттары үчүн ири маалымат жыйынын өткөрүп, анда өлкөнүн негизги социалдык-экономикалык көрсөткүчтөрүн белгиледи.

Төмөндө мамлекет башчысынын маалымат жыйында сүйлөгөн сөзүн толугу менен келтиребиз:

Президент Садыр Жапаров ири маалымат жыйынында өлкөнүн негизги социалдык-экономикалык көрсөткүчтөрүн белгиледи
Кыргыз Республикасынын Президент Садыр Жапаров бүгүн, 23-октябрда, атамекендик жана чет элдик жалпыга маалымдоо каражаттары үчүн ири маалымат жыйынын өткөрүп, анда өлкөнүн негизги социалдык-экономикалык көрсөткүчтөрүн белгиледи.

Төмөндө Мамлекет башчысынын сөзү:
Бүгүнкү пресс-конференциянын кадырлуу катышуучулары!
Урматтуу журналисттер!
Бүгүн мен Сиздердин катышууңуздар менен Кыргызстандын элине кайрылып, аткарылган жана аткарылчу иштер тууралуу кеңири маалымат берүүнү ылайык көрүп турам.
Өзүңүздөр билесиздер башмыйзам боюнча жыл сайын курултай алдында маалымат беришибиз керек эле. Бирок, тилекке каршы курултай жөнүндө мыйзамдарыбыз кабыл алына элек. Ошол себептен сиздер аркылуу бир жылдык маалыматтарды берели деп турабыз.
Коомдук-саясий кырдаал боюнча.

Өзүңүздөргө белгилүү болгондой, былтыркы - 2020-жылдын октябрындагы парламенттик шайлоонун жыйынтыгын жалпы эл тааныбай, натыйжада өлкөнүн бийлиги алмашты.
Бул окуялар коомдук-саясий туруктуулуктун бузулушуна алып келди.
Ошондогу кыйын кырдаалда Ата-Журтубуздун бүтүндүгү жана тынчтыгы, калкыбыздын ынтымагы үчүн чукул кадамдарга бардык:
Жогорку Кеңештин иштөө мөөнөтүн узартууга мажбур болдук, жаңы Өкмөттү дайындадык.
Натыйжада, абалды тез арада турукташтырууга жетиштик.
2021-жылдын 10-январында болсо президенттик шайлоону жана референдумду ийгиликтүү өткөрдүк.
Референдумда Кыргызстан эли башкаруунун президенттик формасын тандап алды.
Ал эми 2021-жылдын 11-апрелиндеги референдумда Кыргызстан эли Баш мыйзамдын жаңы редакциясын – Кыргыз Республикасынын Конституциясын кабыл алды.
Анда өлкөбүз үчүн актуалдуу болгон бардык маселелер, элибиз туу туткан жана коомубуз умтулган баалуулуктар жактырылды.
Шайлоо системасын өзгөртүү жана депутаттардын санын кыскартуу боюнча элдин талабы эске алынды.
Ошону менен бирге тийиштүү мыйзамга кол коюлуп, анда Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоону мындан ары аралаш шайлоо системасы боюнча өткөрүү тууралуу жаңы жоболор каралды.
Биз партиялар аркылуу жана бир мандаттуу округдардан жаңы, калың элдин ишенимине ээ болгон, калк арасынан суурулуп чыккан эл өкүлдөрүнүн парламентке келишине жол ачып жатабыз.
Партиялык тизмедеги алдыңкы орундарды сатып, бизнес жасоо практикасын жайылткан жана аны акча жасоонун, коррупциянын булагына айландырган эски, алдамчыл системаны жойдук.
Мурда партиялык лидерлер партиялык тизмедеги алдыңкы орундарды жүз миңдеген доллар акчага баалап, партиялык идеяларга гана эмес, парламенттин табиятына кошо акаарат келтирсе, мындан ары "алтын мандат", "биринчи ондук", “биринчи жыйырмалык” деген коррупциячыл түшүнүктөр болбойт.
Экономикалык активдүүлүктү калыбына келтирүү боюнча.
2020-жылы COVID-19 пандемиясынын кесепетинен Кыргызстандын экономикалык өсүү темпи 8,6 пайызга кескин түрдө түшүп кеткен.
Бул соңку жыйырма жылдагы эң начар көрсөткүч болуп саналат.
Көптөгөн ишканалардын иши токтоп, инвестициялар кескин төмөндөп, элдин кирешесине жана мамлекеттик бюджетке түздөн-түз терс таасирин тийгизди.
2020-жылы бюджеттин тартыштыгы 20 млрд сомду түзгөн.
Мына ушундай абдан татаал, оор кырдаалда Президент катары ишимди баштадым.
Эң алгач тез арада коомдук саясий абалды жана экономиканы калыбына келтирүү, COVID-19 пандемиясына каршы күрөшүү боюнча чукул чаралар көрүлдү.
Бул багыттагы иштер кырдаалга жараша бүгүнкү күндө да уланып жатат.
Экономиканы өнүктүрүү чаралары күчөтүлдү.
Ишкерлерди колдоо максатында Кепилдик фонду 2,0 млрд сомго кошумча капиталдаштырылды, 2020-жылдын октябрынан тартып 1,1 млрд сомго кепилдиктер берилип, алардын жардамы менен ишкерлер коммерциялык банктардан жалпысынан 3,6 млрд сомго кредит алышты.
Мындан сырткары Кепилдик фондунун атайын программасы аркылуу 680 ишкерге 1 млрд сомго жакын суммадагы жеңилдетилген кредиттер берилди.
Россия Федерациясы менен жүргүзүлгөн сүйлөшүүлөрдүн натыйжасында ушул жылдын 1-июлунан баштап Кыргыз-Россия Өнүктүрүү фонду түз каржылоо программасы боюнча кредиттерди берүүсүн кайра улантты.
Бизнеске кредит берүү мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү максатында 2021-жылдын сентябрында РСК Банкын дээрлик 900 млн сомго кошумча капиталдаштыруу тууралуу чечим кабыл алдык.
2021-жылдын тогуз айында РСК жана “Айыл Банкы” тарабынан 16,7 млрд сомго кредит берилген, алардын 72 пайызы региондордогу долбоорлорду каржылоого багытталган.
Ушул жылдын августунда эл аралык финансылык институттардын колдоосу менен чакан жана орто ишканаларга 72 млн АКШ доллары суммасындагы пайызы жок насыяларды берүү чечими кабыл алынды.
“Айыл чарбасын каржылоо” программасынын алкагында 5,8 млрд сомдон ашык суммага 10 миңден ашык жеңилдетилген кредиттер берилди.
COVID-19 пандемиясы күтүлбөгөн кырдаалдарга даяр болууну шарттады.
Ошондуктан экономикалык кризиске каршы туруштук берүү жана экономиканы өнүктүрүүнүн артыкчылыктуу долбоорлорун каржылоо максатында Турукташтыруу фондун түзүү чечими кабыл алынды.
Ишкерлерге социалдык камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери төмөндөйт.
Чакан жана орто бизнести мындан ары колдоо максатында камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери 2022-2024-жылга чейин үч жылдык мөөнөткө жумуш берүүчүгө 17,5 пайыздан жумушчунун санына жараша 12 жана 4 пайызга азаят.
Жеткиликтүү турак жай менен камсыз болууга шарттар түзүлдү.
Өлкө жарандарын турак-жай менен камсыз кылуу максатында 2026-жылга чейин Мамлекеттик турак-жай программасы бекитилип, ушул жылдын сентябрында ишке кирди.
Пайыздык ставканы азайтуу жана Программаны ишке ашырууну каржылоо максатында 2021-жылдын августунда Мамлекеттик ипотекалык компаниясын 5,2 млрд сомго капиталдаштыруу боюнча чечим кабыл алынды.
Менин тапшырмама ылайык, ипотекалык кредит берүү боюнча пайыздык ставка бюджеттик чөйрөнүн кызматкерлери үчүн 4 пайызга чейин төмөндөтүлдү.
Мындан тышкары белгилеп кетчү нерсе, 2021-жылдын октябрынан тартып мурда берилген ипотекалык кредиттер боюнча пайыздык ставкалар жылдык 6-8 пайыздан 4-6 пайызга чейин этап-этабы менен азайтылат.
Ошондой эле жеңилдетилген ипотекалык, чакан жана орто бизнеске кредит берүүнү кеңейтүү максатында “Керемет Банкы” 2,7 млрд сомго кошумча капиталдаштырылды.
Кыйын экономикалык абалда калган кредит алган жарандарыбызды колдоо максатында кредиттер боюнча пайыздарды төлөө үчүн бюджеттен 734 млн сом бөлүндү.
Натыйжада 390 миңден ашык кредит алган жарандарга жардам көрсөтүлдү.

Бизнес-чөйрөнү жана инвестициялык климатты жакшыртуу боюнча.
Экономиканы өнүктүрүүнүн стратегиялык багыты катары ишкерлерге жана инвесторлорго жагымдуу бизнес чөйрөсүн түзүү боюнча иштер жүрүп жатат.
Белгилүү болгондой, өткөн жылдын декабрь айында ишкерликти укук коргоо органдары тарабынан текшерилишине тыюу салуу киргизилген.
Жыл башында кол койгон алгачкы жарлыктарымдын бири да – “Менчикти коргоо жана ишкерлер менен инвесторлорду колдоо жөнүндө” деп аталат.
Ошондой эле жаңы Конституцияга инвестициялык ишмердүүлүк субъекттерин коргоо кепилдиги боюнча норма киргизилди.
Мамлекеттик-жеке өнөктөштүктү өнүктүрүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүү максатында 2021-жылдын август айында жаңы мыйзам кабыл алынды.
Ошондой эле укук коргоо органдары тарабынан Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоорлорун текшергенге убактылуу тыюу салынды.
Бүгүнкү күндө Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоорлорунун портфели 750 млн АКШ доллары суммасындагы 50 долбоордон турат.
Инвестициялык өнүктүрүү фонддору түзүлдү.
Экономиканы модернизациялоо жана өнүктүрүү, ошондой эле экономиканын артыкчылыктуу тармактарындагы долбоорлорду каржылоо максатында инвестициялык өнүктүрүү фонддорун түзүү боюнча иштер жүргүзүлүүдө.
Маселен, баштапкы уставдык капиталы 50 млн АКШ долларын түзгөн
Өзбек-Кыргыз өнүктүрүү фонду негизделип, аны андан ары 200 млн АКШ долларына чейин көбөйтүү макулдашылды.

Венгер-Кыргыз өнүктүрүү фондунун баштапкы уставдык капиталы 16 млн АКШ доллары деп түзүлүп, аны андан ары 50 млн АКШ долларына чейин жеткирүү макулдашылды.
Ошондой эле, уставдык капиталы 100 млн АКШ долларын түзгөн Кыргыз-Түркмөн өнүктүрүү фондун, уставдык капиталы 50 млн АКШ долларын түзгөн Кыргыз-Түрк өнүктүрүү фондун уюштуруу маселесинин үстүндө иштеп жатабыз.
Аталган фонддордун иштеши менен биздин экономиканы өнүктүрүүгө жакшы шарттар түзүлөт. Фонддор иштей баштады.
Жаңы ишканалар ишке кирип, кошумча жумуш орундары түзүлдү.
Жаңы ишканаларды ачып жаңы жумуш орундарын түзүү учурдун талабы.
2021-жылдын сегиз айында республика боюнча 353 жаңы ишкана ишке кирди.
Кыргыз Республикасынын региондорунда 2021-жылдын алты айында бардыгы болуп жалпы өлкө боюнча 42 776 жумуш орундары түзүлдү.
Ошондой эле өнөктөш өлкөлөр менен соода байланыштары жанданып, тышкы соода жүгүртүүнүн көлөмү өсүүдө.
2021-жылдын сегиз айынын жыйынтыгында тышкы соода жүгүртүү 4,4 млрд АКШ долларын түзүп, өткөн жылдын тиешелүү мезгилине салыштырганда дээрлик 20 пайызга көбөйдү.
Анын ичинде Евразия экономикалык Биримдигинин өлкөлөрү менен сооданын көлөмү 2 млрд АКШ долларын түзүп соода жүгүртүүнүн көлөмү былтыркы жылга салыштырмалуу дээрлик 26 пайызга өстү.
Түз инвестициянын көлөмү өстү.
2021-жылы дүйнө жүзүндө чет элдик түз инвестициялардын агымы 35 пайызга кыскарган.
Ушуга карабастан, 2021-жылдын І-жарым жылдыгында Кыргыз Республикасына чет элдик түз инвестициялардын келүү агымы 95 пайызга көбөйдү жана 321 млн АКШ долларын түздү.
Бюджеттин көрсөткүчтөрү боюнча.
Бюджеттин кирешелери өстү.
Пандемия шартындагы кырдаалга карабастан, бардык социалдык төлөмдөр кечиктирилбестен өз убагында каржыланып жатат.
Салык жана бажы жаатында санариптик платформаны киргизүү менен бюджеттин кирешелери өстү.
Ушул жылдын тогуз айынын жыйынтыгы боюнча республикалык бюджеттин кирешелери 129 млрд сомду түзүп, план 107 пайызга аткарылды.
2020-жылдын ушундай эле мезгилине салыштырмалуу бюджеттин кирешелери 43 пайызга өстү.
Пандемияга чейин 2019-жылдагы тиешелүү мезгилине салыштырмалуу кирешелер 32 пайызга өскөндүгүн белгилей кетүү керек.
Ошону менен бирге, бюджеттин чыгашалары да өсүүдө.
Ушул жылдын тогуз айынын жыйынтыгы боюнча республикалык бюджеттин чыгаша бөлүгү 127,7 млрд сомго аткарылды жана 2020-жылдын тиешелүү мезгилине салыштырмалуу 20 пайызга көбөйдү.
Ал эми 2019-жылдын тиешелүү мезгилине салыштыргада 26 пайызга өстү.
Бюджеттин киреше бөлүгүн көбөйтүү менен, учурдагы этапта бир катар бюджет чөйрөсүндөгү кызматкерлердин эмгек акыларын, жөлөк пулдардын жана пенсиялардын өлчөмүн жогорулатууга мүмкүн болду.

Алсак, ушул жылы саламаттык сактоо системасынын кызматкерлеринин эмгек акысы категориясына жараша 50 пайызга чейин, маданият, искусство жана маалымат мекемелеринин кызматкерлеринин эмгек акысы 50 пайызга жогорулады.
Коргоо министрлигинин, Ички иштер министрлигинин Ички аскерлеринин жана Чек ара кызматынын кызматкерлеринин эмгек акылары орточо алганда 40 пайызга көбөйдү.
Кийинки жылдын 1-январынан тартып Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин, Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын Кайтаруу жана конвой менен коштоп жүрүү департаментинин кызматкерлеринин эмгек акылары орточо алганда 40 пайызга, ошону менен катар эле Мамлекеттик соттук-экспертиза кызматынын адистеринин эмгек акысы 40 пайызга жогорулайт жана мугалимдердикин дагы жогорулатабыз деген планыбыз бар.
Мындай иш-аракеттер муну менен эле токтоп калбайт.
Бюджет чөйрөсүндөгү башка кызматкерлердин да эмгек акыларын жогорулатуу иштери бюджеттин мүмкүнчүлүктөрүнө жараша улантылат.
Мындан тышкары ар айлык социалдык жөлөкпул алган балдардын жана бала кезинен ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдардын жөлөк пулдардын өлчөмдөрү ушул жылдын 1-октябрынан 50 пайызга көтөрүлгон, 2022-жылдын 1-январынан тартып 100 жана айрым категорияларга 200 пайызга жогорулатылат.
Ошондой эле пенсиялардын базалык жана камсыздандыруу бөлүктөрүнө индексация жүргүзүлдү.
Социалдык чөйрө боюнча.
Тилекке каршы, ушул жылы COVID-19 пандемиясы уланып, аны менен күрөшүү максатында бюджеттен 3 млрд сомго жакын каражат бөлүндү.
Медицина кызматкерлерине максималдуу түрдө колдоо көрсөтүүгө аракет жасадык.
Дээрлик 2 миң кызматкерге 372,0 млн сом, кайтыш болгон кызматкерлердин үй-бүлөлөрүнө бир жолку акчалай компенсацияларды төлөөгө жалпысынан 42,0 млн сом жумшалды.
COVID-19 инфекциясы менен ооруган бейтаптарды дарылоо үчүн 9 стационар кайра адистештирилип, оңдолгонун айта кетейин.
Бул 9 стационар 1700 бейтапка эсептелинген.
Бишкек, Ош жана Нарын шаарларында 3 жаңы стационар курулду
Бул 270 адамга эсептелинген. Ошону менен бирге санитардык жана тез жардам машиналар паркы жаңыртылды, жаңы медициналык жабдуулар сатылып алынды.
Ислам өнүктүрүү банкынын колдоосу менен 5 мобилдик клиника алынганын билесиздер.
Бүгүнкү күндө COVID-19 инфекциясына каршы эмдөө үчүн республика боюнча 900 эмдөө пункту ачылды, 2,4 млн эмдөө дозасы сатылып алынды. Калктын 40 пайызы эмдөөнүн биринчи дозасын, 30 пайызы экинчи дозасын алышты.
Белгилеп кетсем, былтыр COVID-19 пандемиясы менен күрөшүүгө эл аралык донорлордон 350 млн АКШ доллары жардам көрсөтүлгөн.
Тилекке каршы ал каражаттар максаттуу колдонулган эмес.
Ошондуктан менин тапшырмама ылайык, социалдык–экономикалык өнүгүүнү жолго салуу үчүн тез арада коронавирсука каршы эмдөө дозалары менен камсыздоо боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп, 20 млн АКШ долларына эмдөө дозаларын сатып алдык, өнөктөш мамлекеттердин жана донорлордун жардамы менен кошумча эмдөө дозаларын алдык.
Белгилей кетсем, элге акысыз эмдөө жүргүзүлүп жатат.
Коронавирус боюнча кырдаалды турукташтыруу менен оффлайн билим берүүгө өтүү мүмкүн болгонун айта кетсек болот.
Себеби өлкө келечеги болгон жаш муунга сапаттуу таалим-тарбия, билим берүү үчүн зарыл болгон шарттардын түзүлүшү өтө маанилүү.
2020-2021 - жылдарда республика боюнча 47 мектеп жана 17 бала бакча курулду.
Жакында бекитилген гранттык долбоордун негизинде 3 миң баланы камтыган кыска мөөнөттүү 60 бала бакча түзүлүп, керектүү жабдыктар менен камсыз болгону турат.
Россия Федерациясы тарабынан Бишкек, Ош шаарларында жана өлкөнүн 7 облусунда 9 комплекстүү, заманбап билим берүү мекемелерин куруу иштери башталуу стадиясына жетти десек болот.
Ошону менен бирге мектептердеги кесипкөй мугалимдердин жетишпей жатканы жана мугалимдерди даярдоонун сапатынын төмөндүгү бүгүнкү күндө чоң көйгөйгө айланды.
Албетте бул багытта мугалимдердин коомдогу статусун жана эмгек акысын жогорулатуу боюнча кийинки жылдан активдүү иштер жүргүзүлөт.
Ошондой эле баарыңыздарга белгилүү, өлкө тарыхында алгачкы жолу Кыргызстандын Баш мыйзамына Балдар укугу боюнча ыйгарым укуктуу өкүл институту киргизилди.
Институт тарабынан балдардын укуктарын коргоо боюнча нормалардын аткарылышына мониторинг жүргүзүп, анын ишмердүүлүгүнүн негизинде кыска убакыт ичинде балдарга карата мыйзамсыз аракеттерди алдын алуу жана бөгөт коюу боюнча ыкчам чаралар көрүлүүдө.
4 ай ичинде 3 кызматкер жумуштан бошоду, 10 кызматкерге административдик чаралар көрүлдү, бир катар кылмыш иштери козголду.
Дене тарбия жана спорт боюнча.
Өлкөбүздүн мамлекеттик саясатынын маанилүү багыттарынын бири дене тарбия жана спортту өнүктүрүү болуп саналат.
Республика боюнча 19 спорттук объект курулду.
Үстүбүздөгү жылда Кыргызстандын тарыхында биринчи жолу дзюдо күрөшү боюнча эркектер жана аялдар арасында Азия чемпионатын, ошондой эле биринчи жолу триатлон боюнча да Азия чемпионатын өткөрдүк.
Бул иш-чара кыргыз спорту үчүн маанилүү окуя экендиги талашсыз.
Токио шаарында өткөн жайкы отуз экинчи Олимпиада оюндарында, ошондой эле Норвегияда өткөн дүйнөлүк чемпионатта Кыргызстандын желегин дүйнөгө тааныткан азаматтарыбыздын ийгиликтери өлкөбүз эгемендик алгандан берки спорт тармагындагы болуп көрбөгөндөй чоң жетишкендик болду.
Жаштар саясатын системалык өзгөртүү боюнча аракеттер жасалууда.
Келерки 10 жылга карата Жаштар саясатынын концепциясы кабыл алынды, аталган Концепцияны ишке ашыруу боюнча беш жылдык иш-чаралар планы иштелип чыкты.
Жаштарды коомдук пайдалуу иштерге тартууга жана ар тараптуу өнүгүүсүнө дем берүү максатында эл аралык өнөктөштөрдүн колдоосу менен 6 облуста жаштардын 9 борбору ачылды.
Улуу тарыхыбыз, бай рухий маданиятыбызды сактап, аны өнүктүрүү ар бирибиздин ыйык милдетибиз.
Маданий жана табигый эстеликтерди сактоо, тарыхый-маданий мурастарды жайылтуубоюнча жигердүү иштер жүргүзүлүүдө.
Дүйнө жүзүндө теңдеши жок уникалдуу “Манас” эпосун даңазалоо багытында жүргүзүлүп жаткан иш-чаралардын негизинде Кыргыз мамлекеттик “Манас театры” түзүлдү.
Элибизде “Өткөндөр баркталмайын, тирүүлөр даңкталбайт” деген сөз бар.
Кыргызстандын мамлекет катары түптөлүшүнө зор салым кошкон улуу инсандарыбызды эскерүү иш-чаралары мамлекеттик деңгээлде жүзөгө ашырылууда.
Руханий-адеп-ахлактык маселеге олуттуу мамиле жасалып, менин эң алгачкы жарлыктарымдын бири - “Инсандын руханий-адеп-ахлактык өнүгүүсү жөнүндөгү” Жарлык кабыл алынды.
Мындан тышкары элдин биримдигин, маданияттар аралык жана диндердин ортосундагы ынтымакты камсыз кылуу, мамлекеттик-конфессиялык өнөктөштүктү өнүктүрүү, мамлекеттин светтик негиздерин чыңдоо максатында 2026-жылга чейин Кыргыз Республикасынын диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясатынын концепциясы кабыл алынды.

Чет өлкөлөрдө эмгектенип жүргөн мекендештерибиз боюнча.
Тилекке каршы, Кыргыз Республикасынын көпчүлүк жарандары мамлекеттин чегинен тышкары убактылуу эмгектенүүгө аргасыз болууда.
Мен чет өлкөлөрдө эмгектенип жүргөн мекендештерибиз менен бир нече жолу жолугуштум жана бөтөн жерде нан таап, үй-бүлөнү багуунун канчалык кыйын экендигин жакшы билем.

Ошондуктан аларга колдоо көрсөтүү максатында “Миграциялык кырдаалды жакшыртууга багытталган чараларды кабыл алуу жөнүндөгү” Жарлыкка кол койгомун.
Учурда чет өлкөдө жүргөн жарандарыбыздын ар кандай документтерди, маалыматтарды автоматташтырылган маалыматтык система аркылуу алууга мүмкүнчүлүктөрү түзүлдү.
2021-жылдын мартынан баштап ID-карттарды консулдук кызматтар аркылуу кабыл алуу башталды, азыр чет мамлекетте жүрүп эле жалпы жарандык паспортту алса болот.
Консулдук кызматтарды көрсөтүү үчүн алынуучу каражаттардын тарифтери бир кыйла төмөндөдү.
Евразия Экономикалык Биримдигинин алкагында биздин өлкө үчүн, Биримдикке мүчө мамлекеттерде иштеген биздин жарандар үчүн пайдалуу болгон бир катар макулдашуулар жана долбоорлор кабыл алынды.
Евразия Экономикалык Биримдигине мүчө мамлекеттерде эмгектенгендердин пенсиялары жөнүндө макулдашуу күчүнө кирди.
Биримдиктин алкагында жумуш менен камсыз кылуу үчүн
“Чек арасыз эмгек” тиркемеси киргизилди, мындан тышкары Кыргызстан “COVID-19 суз саякат” санариптик платформасына кошулду.
Этникалык кыргыздарыбыз боюнча.
Көп улуттуу афган элине жана этникалык кыргыздарга гуманитардык жардам көрсөтүлдү.
Биз башка мамлекеттерде жашап жаткан этникалык кыргыз боордошторубузду да унутпашыбыз керек.
Афганстандагы акыркы окуяларга кайдыгер карабай, этникалык кыргыздар жашаган көп улуттуу Афганстан элине эки жолу гуманитардык жардам көрсөтүлдү.

Сентябрда кыргыз делегациясы Кабул шаарына 40 тонна гуманитардык жардам жеткирди жана афган талибтеринин жетекчилиги менен коопсуздук маселелерин талкуулады.
Ал эми октябрда Улуу жана Кичи Памирде жашаган кыргыздарга 95 тонна гуманитардык жардам жеткирилди.
Экономика секторлорун өнүктүрүү боюнча.
Энергетикалык коопсуздукту камсыздоого багытталган реформалар башталды.
Экономиканын өзөгүн түзгөн реалдуу сектордо жүргүзүлүп жаткан иштерге токтоло кетсем.
Энергетика тармагында өлкөнүн энергетикалык коопсуздугун камсыздоого багытталган реформалар башталды.
Анын кейиштүү абалы өзгөчө көңүл бурууну, кечиктирилгис чукул чараларды көрүүнү талап кылды.
Ушул көйгөйлүү маселени терең изилдөөнүн алкагында энергетика тармагындагы тажрыйбалуу адистер жана эксперттер менен жолугуп, алар менен кеңешип жыйынтыгында тарифтик саясатты кайра кароо чечимине келдик.
Бул кадамдар баарына маалым, дагы да белгилеп айтайын социалдык-экономикалык абалды эске алуу менен калк үчүн электр энергияга болгон баа өзгөргөн жок.
Ошону менен бирге электр энергиясына карата өсүп жаткан суроо-талаптын шарттарында энергетикалык кубаттуулукту жогорулатуу максатында төмөнкүдөй иштер аткарылып жатат:
– “Баткен облусунун Арка массивин электр энергиясы менен камсыздоону жакшыртуу” долбоорунун алкагында курулуш иштери аягына чыгарылды, муну менен Баткен облусу толугу менен энергетикалык көз карандысыздыкка ээ болду;
– Токтогул жана Ат-Башы ГЭСтерин реабилитациялоо, Үч-Коргон ГЭСин модернизациялоо иштери жүрүүдө жана Камбарата ГЭС-2нин экинчи гидроагрегатын орнотуу боюнча маселе даядалууда;
– энергетиканы өнүктүрүү жаатында жаңы багыттарды ачкан жана өлкөнүн экспорттук потенциалын ачып көрсөтүүчү “КАСА-1000” долбоорун практикалык ишке ашыруу башталды;

– кыска убакыттын ичинде көп жылдар бою чечилбеген “Муз-Төр” чек ара заставасын электр энергиясы менен камсыздоо көйгөйү чечилди.
Ошондой эле Камбарата-1 ГЭСин куруу сыяктуу ири масштабдуу долбоорлорду ишке ашыруу жана өлкөнүн гидроэнергетикалык потенциалын өздөштүрүү аракеттери көрүлүүдө.
Мунун алкагында бүгүнкү күндө энергиянын кайра жаралуучу булактарын өнүктүрүүгө, анын ичинде чакан ГЭСтерди курууга өзгөчө көңүл бурулуп жатканын белгилейм.
Инвесторлор үчүн мамлекеттик кепилдиктерди кароо боюнча нормативдик базаны өркүндөтүү максатында тийиштүү Мыйзам иштелип чыкты.
Өлкөдө ички инвесторлор тарабынан чакан ГЭСтерди куруу иштери башталды, бүгүнкү күндө өлкөнүн региондорунда 7 объекттин курулушу активдүү жүрүп жатат.
Киров суу сактагычында Бала-Саруу ГЭСинин курулушу мамлекет тарабынан башталды.
Ошондой эле өнөр жай тармагындагы долбоорлор боюнча айта кетсем.

Белгилүү болгондой, Айдаркен сымап жана Кадамжай сурьма комбинаттары көп жылдан бери иштебей турган.
Алар боюнча чукул чечимдер кабыл алынып, азыркы учурда жандандыруу процесстери жүрүп жатат жана миңдеген жумуш орундарынын түзүлүүсү күтүлүүдө.
Майлуу-Суу лампа заводунда жаңы өндүрүш линиялары ишке кирди.
Айта кетсек, жаңы өнөр жай ишканаларын куруу боюнча да иштер жүргүзүлүүдө.
Мисалы автобустарды, электробустарды жана жүк ташуучу унааларды кураштыруу боюнча кыргыз-орус биргелешкен заводун куруу маселеси даярдалууда.
Мындан тышкары Кыргызстанда жакынкы убакта бульдозерлерди, электромобилдерди, брондолгон автомобилдерди жана учкучсуз учуучу аппараттарды кураштыруу башталат.
Жеңил өнөр жайы боюнча жакшы жыйынтыктар бар.
Тигүү өндүрүшү боюнча региондордо бир катар ишканалар ишке кирди жана миңдеген кошумча жумуш орундары түзүлдү.
Белгилей кетсем, өлкөдө ири индустриалдык парктардын курулуш иштери активдүү жүргүзүлүп, тигүү тармагында пахта өндүрүүдөн тартып, даяр продукцияны өндүрүүгө чейинки кластердик өндүрүштү иш жүзүнө ашыра баштадык.
Бул ишканалардын ишке кирүүсү менен республика аймагында 20 миңден ашуун кошумча жумуш орундары түзүлөт.

Кен казуу боюнча.
Кен казуу тармагын реформалоо жөнүндө Жарлыгымдын алкагында “Жер казынасы жөнүндө Кодекстин” долбоору иштелип чыкты.
Бул документтин кабыл алынышы менен жер казынасын пайдалануу чөйрөсүндөгү мыйзамдар биринчи жолу бирдиктүү документке биригет жана бардык карама-каршылыктар жоюлат.
Мындан тышкары, мамлекет тарабынан пайдалуу кен чыккан жерлерди иштетүү максатында Улуттук тоо-кен компаниясы – “Кыргызгеология” мамлекеттик ишканасы түзүлдү.
Улуттук кызыкчылыктарды сактоо жана өлкөбүздүн тоо-кен тармагын өнүктүрүү үчүн мамлекет кен чыккан жерлерди өзү иштетүүгө толук мүмкүнчүлүк алды, ушунун алкагында тийиштүү Мыйзамга кол коюлду.
Мындан ары баалуу металл чыккан жерлерди мамлекет өзү иштетет. Буга чейинкилерди эмес, мындан кийинкилерин айтып атабыз.
Ошондой эле, мындан ары жер казынасын пайдалануучулардын бардык рекультивациялык эсептери мамлекеттик банктарда топтолот.
Стратегиялык объектилерди ишке киргизүү боюнча үстүбүздөгү жылдын мартында Талас облусундагы Жерүй кенинде алтын кен комбинаты ишке киргизилди.
Алдын ала эсептөөлөргө караганда кенди иштетүүдөн Кыргызстандын бюджети жыл сайын 4 млрд сомго чейин салыктык жана башка төлөмдөрдү алып турат, ал эми Талас облусун өнүктүрүүгө болжол менен 300 млн сом түшөт.
Жолдор боюнча.
Стратегиялык жолдорду куруу уланууда.
Экономиканы өнүктүрүү үчүн жол-транспорттук инфраструктураны жакшыртуу чоң мааниге ээ.
Тактап айтканда эл аралык транспорттук артериянын бөлүгү болуп саналуучу, стратегиялык “Түндүк-Түштүк” альтернативдүү авто магистралынын курулушу жакынкы арада аяктайт.
Анын алкагында Жумгал жана Кочкор райондорунда автожолду ондоо иштери башталды.
Ошондой эле менин чечимим менен Балыкчы–Бөкөнбаев–Каракол автожолун куруу иштери башталды, ал эгемендүүлүк жылдарындагы алгачкы жолу Ата мекендик жол-курулуш компаниялары тарабынан курулууда.

Мамлекеттин транзиттик потенциалын жогорулатуу максатында Кытай–Кыргызстан–Өзбекстан темир жолун куруу долбоору боюнча тараптар менен сүйлөшүүлөр жүргүзүлүүдө.
Бул долбоор биз үчүн стратегиялык чоң мааниге ээ.
Ошону менен бирге “Кыргыз темир жолу” улуттук компаниясынын ишмердүүлүгүндө оң натыйжалар бар, тактап айтканда 2020-жылга салыштырмалуу киреше 2 эседен көп, ал эми 2019-жылга салыштырмалуу дээрлик 3 эсеге өсүшүн камсыз кылган.
Пандемия мезгилинде Кыргыз Республикасынын аба транспорту жарандарды жана жүктөрдү ташууну камсыз кылууда маанилүү ролду ойноду.
Авиакаттамдар көбөйүп, аэропорттор оңдолду.
2021-жылы авиарейстердин саны көбөйдү.
Россия менен Түркиянын шаарларына рейстер, сентябрь айынан баштап Ош-Москва-Ош маршруту боюнча жумасына 4 жолку каттам жанданды.
Тамчыдагы “Ысык-Көл” аэропорту ушул жылы 732 рейсти тейлеп, жүргүнчүлөрдүн саны 65 миңди түздү.
Анын ичинде “Исфана” аэропортунун аэродромун оңдоо иштери аяктады жана “Кербен” аэропортунун инфраструктурасын реконструкциялоо боюнча иштер жүргүзүлүүдө, анын натыйжасында “Кербен” аэропорту эл аралык стандарттарга жооп берген учуу-конуу тилкесине ээ болду.
Тармактарда санарип технологиялары киргизиле баштады.
Өлкөнү өнүктүрүүдө санарип технологияларды киргизүү учурдун талабы.
Мамлекеттик кызмат көрсөтүү, соода, салык, бажы жана башка тармактарда санарип системалары иштей баштады.
Кыргызстан Борбордук Азиянын алгачкы мамлекеттеринин бири болуп, жылдын башынан жарандарга 30 дан ашуун коргоо элементтери бар, жасалмалоону азайтууга мүмкүндүк бере турган электрондук биометрикалык паспорт бериле баштады.
Бүгүнкү күнү 191 миңден ашуун паспорттор берилди.
Азыркы учурда бүткүл мамлекеттик жана муниципалдык органдарда «e-Kyzmat» тутуму активдүү ишке ашырылууда, ал 1134 уюмга киргизилди.
Башкача айтканда, бул тутум келечекте эмгек китепчени жокко чыгаруу менен, адамдын социалдык төлөмдөрүн төлөөдө так маалыматтарды алууга мүмкүндүк берет.
Ошондой эле, тейлөөнүн сапатын жакшыртуу жана кызмат көрсөтүүлөрдүн жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу максатында, ушул жылы 9 калкты тейлөөчү борбор жана 4 унаа боюнча калкты тейлөөчү борборлор ачылды.
Бул калкка кызмат көрсөтүү үчүн абдан ыңгайлуу шарттарды түзөт.
Өлкөнүн жарандарынын жеке маалыматтарын коргоо боюнча атайын ыйгарым укуктуу орган түзүлдү.
Жол-транспорт кырсыктарын кыскартуу максатында бүткүл республиканы толук камтыган “Коопсуз шаар” долбоорун ишке ашыруунун экинчи этабы ишке киргизилди.
Азык-түлк коопсуздугун камсыздоо чаралары көрүлүүдө.
Айыл-чарба - экономиканын маанилүү тармагы.
Өлкө боюнча кайра иштетүүчү жаңы ишканалар ачылып, аз да болсо жумушчу орундары түзүлдү.
Тилекке каршы, пандемиянын кесепетинен дүйнө жүзүндө, анын ичинде өлкөбүздө азык-түлүккө болгон баалар өстү.
Ошондуктан, мамлекет тарабынан азык-түлүк запасын түзүү үчүн бюджеттен буудай сатып алууга – 1,5 миллиард сом, өсүмдүк майын жана кум шекер сатып алууга 300 миллион сомдон ашуун каражат бөлүндү.
Менин тапшырмама ылайык, азык-түлүккө болгон бааларды турукташтыруу боюнча фискалдык, тарифтик жана тарифтик эмес жөнгө салуу чаралары көрүлүүдө.
Биринчи жолу мамлекет тарабынан 3 миң фермерге арзан баада сапаттуу үрөн сатып алууга субсидия түрүндө жардам көрсөтүлдү.
Россиядан Кыргызстанга пошлинасыз импорттолуучу бензиндин көлөмүн жогорулатуу боюнча келишимге кол коюлуп, анын негизинде ушул жылдын аягына чейин Россиядан дагы 190 миң тонна бензин жана 65 миң тонна дизельдик күйүүчү майын импорттоо мүмкүнчүлүгү түзүлдү.
Агрардык секторду мындан ары өнүктүрүү үчүн шарттар түзүлүүдө.
Сүттүн сапатын контролдоо системасы, суюк азот заводу, карантиндик станциялар, логистикалык борборлор ишке киргизилди.
Жаңы сугат жерлери өздөштүрүлдү.
Кытай Эл Республикасынын гранттык каражаттарынын эсебинен 2 ирригациялык объект пайдаланууга берилип, натыйжада 1716 га сугат жери айыл чарба иштери үчүн берилди.
Учурда 8 ирригациялык объект курулуп жатат.
Тармактагы көйгөйлөрдү терең анализдеп, комплекстүү өнүктүрүү максатында 2021-2025-жылдарга Кыргыз Республикасын агрардык өнүктүрүү концепциясы иштелип чыкты.
Анын алкагында жер жана суу ресурстарын сарамжалдуу жана натыйжалуу пайдаланууга багытталган бир катар реформалар ишке ашырылат.
Белгилүү болгондой, Чүй жана Ош облустарындагы айыл чарба багытындагы жерлерге 10 миңден ашуун үй курулуп, көп жылдар бою жерлерди трансформациялоо боюнча көйгөй орун алып келген.
Биз саясий эркибизди көрсөтүп, тийиштүү мыйзамдарды кабыл алдык жана өз үйлөрүнөн айрылып калуу коркунучунда турган жарандарыбыздын проблемаларын чечтик.
Ошону менен бирге жерди бизнеске айландырган, мыйзамсыз басып алууга аракет кылган жарандарга айтар элем, мындан ары жерлерди колдонууда мыйзамсыз аракеттерге жол берилбейт!
Мамлекеттик башкарууну жана сот бийлигин реформалоо боюнча.
Мамлекеттик башкаруу системасы элдин кызыкчылыгына кызмат кылууга тийиш.
Менин бул багыттагы Жарлыктарыма ылайык мамлекеттик органдардын түзүмдөрү оптималдаштырылып жатат жана мамлекеттик аппарат 30 пайызга чейин кыскарат.
Белгилүү болгондой жакында эле “Министрлер Кабинети жөнүндө” Конституциялык мыйзам кабыл алынды.
Биздин Баш мыйзамда көрсөтүлгөндөй Министрлер Кабинетинин жаңы курамы жана Президенттик Администрациянын түзүмү толук куралып ишке кирди.
Жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын ишин жакшыртуу максатында район акимдеринин эң ири ротациясы жүргүзүлдү.
Март айынан баштап акимдер жана орун басарлары аттестациядан өттү.
Мындан тышкары, "Жергиликтүү мамлекеттик бийлик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" мыйзам кабыл алынды.
Учурда кадр саясатын жакшыртууга багытталган укуктук-нормативдик актылар иштелип чыкты.
Элибиздин дагы бир маанилүү талаптарынын бири сот адилеттигин камсыз кылуу.
Ал үчүн соттордун эмгек акыларын жогорулатып, алардын ишине жакшы шарттарды түзүү, сот системасына тийиштүү мыйзамдарды жакшыртуу боюнча иш-чаралар ишке ашырылып жатат.
Менин демилгем менен сот системасынын органдарынын ишин жакшыртууга багытталган 5 мыйзам иштелип чыкты.
Тышкы саясат боюнча.
Тышкы саясат жаңы денгээлге чыкты десек жаңылышпайбыз.
Эффективдүү ишке ашырылган тышкы саясатыбыз октябрь окуяларынан кийин биз кабылган стратегиялык көйгөйлөрдүн көпчүлүгүн чечүүгө өбөлгө түзгөндүгүн ишеничтүү белгилөөгө болот.

Биринчиден, дүйнөлүк коомчулук Кыргызстандын жаңы жетекчилигин легитимдүү бийлик катары кабыл алып, эки тараптуу жана көп тараптуу форматтагы келишимдердеги милдеттенмелердин алкагында биз менен кызматташууга даяр экендигин тастыктады.
Бүгүн дүйнөлүк коомчулук Кыргыз Республикасын демократиялык өнүгүү жолундагы көз карандысыз жана суверендүү мамлекет катары кабыл алууну улантууда.
Экинчиден, эл аралык кызматташуу социалдык-экономикалык кырдаалды турукташтырууга, коронавирус инфекциясы менен күрөшүүгө жана башка чакырыктарга туруштук берүүдө жигердүү пайдаланылды.
Жакында мен Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы ассамблеясынын Жалпы дебаттарынын ачылышында видеокайрылуу жасап, дүйнөлүк коомчулукту дүйнө жүзүндөгү абалга карата биздин пикирибиз, улуттук коопсуздукту, социалдык-экономикалык өнүгүүнү камсыздоо максатындагы эл аралык кызматташуу пландарыбыз менен тааныштырдым.
Ушуга байланыштуу 2022-жылы “Борбордук Азия – Бириккен Улуттар Уюму” саммитин өткөрүүнү сунуштап, БУУна мүчө-мамлекеттердин баарын 2023-2025-жылдарга БУУнун Адам укуктары боюнча кеңешине жана 2027-2028-жылдарга БУУнун Коопсуздук Кеңешинин Туруктуу эмес мүчөлүгүнө Кыргызстандын талапкерлигин колдоого чакырдым.
Ошондой эле мен өз кайрылуумда Бириккен Улуттар Уюмунун толук кандуу мүчөсү катары Кыргызстандын эгемендүүлүк 30 жыл ичиндеги жетишкендиктерин белгиледим.
Кыргызстандын өнүгүүнүн демократиялык жолунан кайтпай тургандыгын дүйнө коомчулугу уккандыгы маанилүү деп эсептейм.
Бул тууралуу мен Көз карандысыздык күнүн белгилөө алдында өткөрүлгөн жолугушууларда чет элдик элчилер жана эл аралык уюмдардын жетекчилери менен маектештим.
Биз 165 мамлекет менен кызматташабыз жана башка өлкөлөр менен дипломатиялык мамилелерди түзүүнү улантуудабыз.
Республика ошондой эле 124 эл аралык уюмдун жана интеграциялык бирикмелердин мүчөсү жана катышуучусу болуп саналат.
Ушул сыяктуу көп тараптуу уюмдардын ишине катышуу жана аларда биздин улуттук кызыкчылыктарыбызды илгерилетүү тышкы саясатыбыздын артыкчылыктуу багыты болуп эсептелет.
Сентябрь айында Душанбе шаарында Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун Жамааттык коопсуздук кеңешинин жана Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин башчыларынын кеңешинин отурумдарына катыштым.
Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун алкагында биз уюмдун бир мүчөсү тарабынан экинчи мүчөсүнө карата куралдуу кол салуу болсо, Уюмдун таасир этүү механизмдерин иштеп чыгуу маселесин көтөрдүк.
Шанхай кызматташтык уюмунда биз Бишкек шаарында Эл аралык уюшкан кылмыштуулукка каршы аракеттенүү борборун түзүү демилгесин көтөрдүк.
Кошуналарыбыз менен мамлекеттер аралык мамилелерди бекемдөө - биздин тышкы саясатыбыздын маанилүү багыты.
Өзүңүздөр билесиздер, акыркы жылдары кошуна мамлекеттер менен биздин кызматташтыгыбыз акыркы 4-5 жылда абдан салкындап кеткен.
Кошуналар менен кылымдар бою чиелешип келген карым-катнашыбызда биз дайыма тең укуктуу диалогду жана өз ара пайдалуу кызматташтыкты колдоп, талаш маселелердин баарын сүйлөшүү жолу менен гана чечүүнү көздөйбүз.
Эң оболу кошуналарыбызга барып, бул өлкөлөрдүн лидерлери менен кызматташуунун күн тартибиндеги маселелердин баарын талкууладым.
Казакстан жана Өзбекстан менен мамлекеттер аралык мамилелерибиз жана кызматташтыгыбыз сапаттуу жаңы деңгээлге чыккандыгын белгилей кетүүгө болот.
Өткөн жылы жана жакынкы арада Россия Федерациясы жана Түркия менен стратегиялык өнөктөштүгүбүз кыйла бекемделди, бул өлкөлөргө да иш сапары менен барып, жогорку жетекчилери менен жолугуштум.
Россия Президенти Владимир Путин менен Москва жана Сочи шаарларында эки ирет жолугуп, жыйынтыгында улуттук коопсуздук жана өлкөбүздүн коргонуу жөндөмдүүлүгүн чыңдоо жаатындагы кызматташуу активдештирилди.
2021-жылдын 9-июнунда Анкара шаарында Түркиянын Президенти Р.Т.Эрдоган менен кызматташуунун бардык актуалдуу маселелерин талкуулап, Жогорку стратегиялык кызматташтык кеңешинин 5-отурумун чогуу өткөрдүк.
Биздин тапшырмабыз боюнча 2021-жылдын 9-10-сентябрында Бишкек шаарында кыргыз-түрк бизнес-форуму жана экономикалык кызматташтык боюнча кыргыз-түрк өкмөттөр аралык биргелешкен комиссиясынын 10-отуруму өткөрүлдү.
Кытай Эл Республикасы менен кызматташтык ырааттуу өнүгүп, Кытай Эл Республикасынын төрагасы Си Цзиньпин менен телефон аркылуу саясий диалогтор болуп турду.

Кытай өнөктөштөрүбүз коронавирус пандемиясы менен күрөшүүдө жана социалдык-экономикалык кесепеттерди жоюуда бизге чоң жардам көрсөтүштү.
Коронавирус боюнча абал турукташкандан кийин мен Кытайга сапар алам.
Кытай менен баардык маселелерди сүйлөшүп, соода-экономикалык, инвестициялык кызматташууну алдыга жылдырабыз.
Европа аймагында жайгашкан, тегибиз бир, жакында биз менен стратегиялык өнөктөштүк түзгөн Венгрия менен мамилебизди бекемдөөнү улантуудабыз.
Менин тапшырмама ылайык, жакында эле Будапешт шаарында Кыргызстандын элчилиги ачылды.
Өткөн жылы Азия, араб, Америка, Европа өлкөлөрү жана Европа Биримдиги менен кызматташуу жигердүү өнүккөн.
Жакынкы келечекте алардын кээ бирлерине баруу пландаштырылган.
Атап айтканда, саясий диалогду илгерилетүү, демократия, адам укуктары, жарандык коом жана соода-инвестициялык кызматташууну активдештирүү үчүн Европага, араб өлкөлөрүнө иш сапарлар пландалууда.
Жалпысынан, кызыкдар өлкөлөрдүн баары менен кызматташууга биз ачыкпыз жана даяр экендигибизди белгилеп кетем.
Мен ушул жылдын ноябрь айынын башында Глазго шаарында өтө турган климаттык конференциянын алкагындагы Дүйнө башчыларынын саммитине дагы катышам.
Климаттын өзгөрүшүнүн Кыргызстанга тийгизген терс таасири тууралуу дүйнө коомчулугуна өзүм айтып берип, абалды тааныштырууга ниеттенүүдөмүн.
Мөңгүлөрдү, суу ресурстарын, тоо экосистемаларын сактоого жана жалпысынан экологияны коргоо маселелерине өзгөчө көңүл бурулат.
Өзүңүздөр билгендей, абийирсиз чет өлкөлүк инвесторлордун айынан биздин экологияга оңолбос зыян келтирилген.
Бүгүнкү күндө биз алардын мыйзамсыз ишмердигинин экологиялык кесепеттерин өз алдынча териштирүүгө мажбур болуудабыз.

Мен бул көйгөйгө дүйнө коомчулугунун көңүлүн бурууга, ошондой эле мыйзам бузуп, Кыргызстандын жаратылышын кыйратуучулар менен болгон тирешүүдө дүйнөлүк коомчулуктун колдоосуна ээ болууга ниеттенүүдөмүн!

Коррупцияга каршы күрөшүү боюнча.
Коррупцияга каршы күрөшүү – элдин талабы.

Мамлекеттин өнүгүүсүнө тоскоолдук жаратып жаткан коррупцияга каршы кызмат адамдарынын ээлеген статусуна жана абалына карабай катаал саясат жүргүзүлүп жатат.
Мындай убакыт аралыгындагы иштин жыйынтыктарынын бири болуп зыяндын ордун толтуруунун көрсөткүчтөрү эсептелет.
Коррупцияга каршы күрөшүүнүн алкагында:
• сотко чейинки өндүрүштө бардыгы болуп 854 иш боюнча тергөө жүргүзүлгөн;
• келтирилген зыяндын кайтарылган суммасы – 7 млрд 464 млн сомду түздү.

Коррупцияга каршы күрөшүү чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясатты өркүндөтүү, ошондой эле бизнести өнүктүрүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүү максатында Президентке караштуу Антикоррупциялык ишкердик кеңеши түзүлдү.
Жакынкы аралыкта Кеңештин алгачкы отуруму өтөт.
Баткен окуялары боюнча.
Пандемия шартында жана Баткен облусундагы окуяларда Кыргызстан эли мекенчилдигин, ынтымактуу эл экендигин көрсөттү.
Баткен облусунун чек арадагы айылдарын калыбына келтирүүгө баарыбыз салымыбызды кошуп жатабыз.
Ал окуялардын кесепеттерин жоюу, инфраструктураны калыбына келтирүү үчүн бюджеттен 1,3 млрд сом бөлүндү.
Мамлекет тарабынан курман болгондордун үй-бүлөлөрүнө жана жабыркаган жарандарга жалпысынан дээрлик 36 млн сомго материалдык жардам көрсөтүлдү.
Республикалык бюджеттин эсебинен Баткен жана Лейлек райондорунда 2 билим берүү жана 1 саламаттык сактоо мекемесин тез арада капиталдык оңдоп-түзөө иштерин аягына чыгардык.
Учурда 3 мектеп, 3 бала бакча, 7 автомобиль жолун куруу иштери активдүү жүрүп жатат.
Ата мекендик компаниялардын жардамы менен курман болгондордун үй-бүлөлөрү үчүн 36 заманбап үй курулду.
Түркиялык инвесторлору жана биздин өзүбүздүн балдардын колдоосу менен Лейлек районунда 100 үйдүн курулушу аяктады жана Баткен районунда 40 үй курулуп бүттү. Баары үйлөрүнө кирди.
“Ас-Сафа борбору” коомдук бирикмеси менен биргеликте Лейлек жана Баткен райондорунда жалпысынан 4 саламаттык сактоо мекемесинин курулушу, жеңил жабыркаган 5 үйдү оңдоо-түзөө иштери аяктады.
Ошондой эле, Баткен районунун Ак-Сай айыл өкмөтүнө караштуу Керме-Тоо участогуна таза суу тартуу иштери толук аягына чыгарылды.
Мындан тышкары Баткен шаарына, Баткен районунун Дара, Ак-Татыр айылдарына саламатык сактоо мекемелерин куруу боюнча аталган коомдук фонд менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатат.
“Мургаб коому Сокулук району” уюму менен биргеликте Лейлек районунун Максат айылына коомдук алдын алуу борбору курулду.
Мындан тышкары чет өлкөдөгү мекендештерибиз, Өзбекстан Республикасы жана бир катар демөөрчүлөр менен биргеликте саламаттык сактоо, билим берүү тармактары боюнча долбоорлор ишке ашырылууда.
Жабыркаган ишкерлерге жардам көрсөтүү үчүн жалпы суммасы 15,2 млн сом бюджеттик кредит берилди жана жабыркаган ишкерлерге келтирилген зыяндын ордун толтуруу үчүн бир жолку компенсация төлөөгө 14,5 млн сом бөлүндү.
Баткен облусуна өзгөчө статус берилип, аны өнүктүрүүнүн программасы бекитилди.
Баткен облусунда “Баткенди өнүктүрүү–өлкөнү өнүктүрүү” деген аталышта инвестициялык форум өттү.
Анын алкагында облусту өнүктүрүү жана кызматташуу боюнча бир топ меморандумга кол коюлду.
Коомдук коопсуздукту жана укук тартибин камсыздоо боюнча.
Элдин коопсуздугу– башкы милдетибиз.
Азыркы учурда мамлекеттик башкаруунун бардык деңгээлдериндеги улуттук коопсуздукту камсыз кылуу чөйрөсүндөгү негизги стратегиялык документ – “Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздугунун жаңы Концепциясы” иштелип чыкты.
Бул Концепция жакынкы мезгилде Коопсуздук кеңешинин жыйналышына талкууга чыгарылат.
Концепциянын негизинде жаңы Аскердик доктрина, ошондой эле экономикалык, азык-түлүк, энергетикалык, экологиялык жана башка чөйрөлөрдөгү коопсуздукту камсыз кылуунун тармактык жана региондук программалары иштелип чыгат.
Мен ушул жылдын 5-майында Кыргызстан элине жасаган кайрылуумда белгилеп кеткендей, улуттук коопсуздукту камсыз кыла турган мамлекеттик органдардын ишин координациялоо үчүн учурда Коопсуздук кеңештин ролу жана орду күчөтүлүүдө.
Укук коргоо органдарын чыңдоонун жана коомдук коопсуздукту камсыздоонун алкагында санариптик технологиялар киргизилип, кызматкерлердин эмгек акыларын жогорулатуу боюнча иштер жүрүүдө.
Региондордогу коопсуздукту күчөтүү максатында Ички иштер министрлигинин борбордук аппаратынын түзүмү оптималдаштырылып, региондогу түзүмдүк бөлүмдөрү күчтөндүрүлдү.
Бүгүнкү күндө жарандарды тынчсыздандырган курч маселелердин бири - чек ара маселеси болуп турат.
Кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасы боюнча тактала элек участоктор боюнча сүйлөшүүлөр аягына чыгып калды.
Ошондой эле, Тажикстан Республикасы менен да кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча сүйлөшүүлөр уланууда.
Мамлекеттик чек араны бекемдөө максатында ушул жылы чек ара кызматынын штаттык бирдиги жана аскер кызматкерлеринин эмгек акылары көбөйтүлдү.
Кыргызстандын куралдуу күчтөрүн чыңдоо максатында Коргоо министрлиги кайра түзүлдү жана анын аскер кызматкерлеринин эмгек акылары жогорулатылды, турак жай менен камсыздоо максатында Ош шаарында 3 көп кабаттуу турак үйдүн курулушу аяктады.
Мындан тышкары күч түзүмдөрүнүн кызматкерлерине 2022-жылы 6 көп кабаттуу турак үй курулат.
Кыргыз армиясын чыңдоо үчүн мамлекеттик бюджеттен бөлүнүүчү каражат көбөйтүлөт жана өнөктөш өлкөлөр менен бул багытта кызматташуу активдүү жүрүп жатат.
Ошону менен бирге демографиялык коопсуздук саясатын иштеп чыгуу максатында Кыргыз Республикасынын 2040-жылга чейинки демографиялык саясатынын Концепциясынын долбоору иштелип чыкты.
Келерки беш жыл ар бир кыргызстандык үчүн татыктуу жашоону камсыздоого багытталат.

Урматтуу пресс-конференциянын катышуучулары,
Мен Сиздерге 2020-жылдын октябрь айынан 2021-жылдын октябрь айына чейинки кыска аралыкта аткарылган иштер тууралуу маалымат бердим.
Бул мезгил аралыгында бир топ кыйынчылыктар болду, бирок биз анын баарын ар бир мекендешибиздин ак ниет катышуусу менен биргеликте жана ынтымакта жеңе алдык.
Учурда Кыргызстан туруктуу өнүгүү жолуна түштү, ал үчүн бардык зарыл шарттар түзүлүп жатат.
Ал эми өнүгүүгө кадамдарыбыз боюнча айтсам, Өлкөнү 2026-жылга чейин өнүктүрүүнүн улуттук программасы бекитилди.
Бул стратегиялык документ менен беш жылга Мамлекеттин өнүгүү багыттары аныкталды.
Программа төмөнкү көрсөткүчтөргө жетишүүнү көздөйт:
• ар жылдык экономикалык өсүштүн реалдуу темпин орточо алганда 5 пайыздык деңгээлде камсыз кылуу;
• ички дүң продукциянын көлөмүн калктын жан башына алганда кеминде
1 500 АКШ долларына жеткирүү;
• жумушсуздуктун деңгээлин 5 пайызгачейин төмөндөтүү.
Глобалдык кризис шартында элибиз кыйынчылыктарга карабай, сабырдуулук менен мамлекеттин саясатын колдоп, ишеним артып турганы мен үчүн маанилүү жана дем күч берет.
Мен Кыргызстан элине терең ыраазычылыгымды билдирем жана элдин ишенимин актоого бардык күч аракетимди жумшаймын.
Мамлекеттин өнүгүүсү, балдарыбыздын келечеги үчүн бүгүнкү жетишилген туруктуулукту, өнүгүү темпин сактап андан ары өнүктүрүүгө баарыбыз салым кошолу!
Алдыбызда дагы бир тарыхый маанилүү иш-чараны – Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине депутаттарды шайлоону таза жана тынч өткөрүү милдети турат.
Ошону менен бирге элибиз шайлоого активдүү катышып, элге кызмат кыла турган татыктуу эл өкүлдөрүн шайлап аларына терең шенемин.
Көнүл бурганыңыздар үчүн рахмат!”.

Пикир

Оставить комментарий